Улутстаткомду Самат Насирдинов жетектеди

Publications: 25.02.2021


Улутстаткомдун жаңы дайындалган Төрагасы Насирдинов Самат Насирдинович кызматтык милдеттерине киришти. Ал бул кызматка Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы боюнча 2021-жылдын 19-февралында дайындалды. Буга чейин Насирдинов С.Н. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» Мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары болуп иштеген. 

Насирдинов С.Н. 23-мартта 1986-жылы Чүй облусунда туулган. Эл аралык мамилелер, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дипломатия Академиясын бүтүргөн (2010-2020); Ноттингема NUBS Nottinghem University Business School Университетин бүтүргөн, MBA, Ишкердик башкаруунун магистри, Куала-Лумпур ш., Малайзия (2010-2013);  Бишкек Гуманитардык  университети, Бухгалтердик эсеп жана аудит (2006-2010).

МСБ кызматкерлеринин жана КРПБАда жергиликтүү кеңештер мүчөлөрүнүн  квалификациясын жогорулатуу курсунан өткөндүгү жөнүндө сертификаты (2018); КРПБАда “Менеджмент” боюнча квалификациясын жогорулатуу курсунан өткөндүгү жөнүндө сертификаты (2012); “Персоналды башкаруу” боюнча квалификациясын жогорулатуу курсунан өткөндүгү жөнүндө сертификатына ээ, Штутгарт, Германия (2012).

Иш тажрыйбасы:

2019-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» Мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары болуп иштеген. 

2019-жылдан апрель айында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы боюнча, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаты ыйгарым укугун токтоткон.

2016-2019-жылдары  Чүй облусунун Аламүдун районунун Байтик айылдык кеңешинин 27-чакырылышынын депутаты болуп шайланган. 

2012-2018-жылдары «БиоФармХаус»  дыйкан фермердик чарбанын жетекчиси болуп иштеген. 

2007-2012-жылдары  «NR Group International» компаниясынын курамында Кувейт, БАЭ, Малайзия, КМШ Мамлекеттеринде компаниянын атынан аны көрсөткөн. Кийинчерээк «NR Group International» ЖЧК бизнести өнүктүрүү боюнча директор болуп иштеген.

2002-2007-жылдары Бириккен Араб Эмираттарында, Кувейтте жеке ишкерчиликти жүргүзгөн.   

Сыйлыктары:

“Байтик айылдык кеңешинин” Ардактуу грамотасы;

“Байтик айыл өкмөтүнүн” Ыраазычылык каты. 

 


Last updating: 25.02.2021, 15:15