Өткөн беш жылда эң эле көп кылмыш 2018-жылы жасалган

Publications: 24.12.2019


Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Ички иштер министрлигинин маалыматтары боюнча, акыркы беш жылдын ичинде республикада катталган кылмыштуулуктун санынын көбөйүүсү байкалууда, бир кыйла бөлүгү 2015-ж. жана 2018-ж. туура келди. Ошентип, эгерде 2014-жылы 27 миңден ашуун кылмыш катталган болсо, 2018-жылы алардын саны 30 миңге жакын адамды түзгөн. 2018-жылы катталган кылмыштардын жалпы санынын ичинен эң чоң үлүшү уурулукка (39 пайыз), алдамчылыкка (15 пайызга жакын), ээнбаштыкка (8 пайыз) баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кылмыштарга (5 пайыз) туура келди.

Катталган кылмыштардын саны

Өткөн мезгил ичинде, жашы жете электер жасаган жана алардын катышуусу менен кылмыштардын саны дээрлик 2 эсе өсүшү белгиленди. Кайра жасалган кылмыштардын саны эки эсеге көбөйгөн: эгерде 2014-жылы мурда кылмыш жасаган адамдар тарабынан жасалган 524 кылмыш катталса, 2018-жылы анын саны миңден ашуунду түзгөн.

2018-жылы республиканын аймагында аялдарга карата 9,3 миң кылмыш катталган, алардын жарымынан көбү (52 пайыз), кылмыштардын жалпы санынын ичинен, уурулукка туура келди. Ушул эле учурда бул мезгил ичинде талап - тоноолордун саны 1,5 эсеге, ал эми ээнбаштык учурлары 18 пайызга кыскарган. 2014-жылга салыштырмалуу ден соолукка атайылап жеңил зыян келтирүү (дээрлик 2 эсеге), ошондой эле никеге турууга мажбурлоо (1,3 эсеге) сыяктуу аялдарга карата жасалган кылмыштардын үлүшү өскөн. 2018-жылы биринчи жолу диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузууга байланышкан аялдарга карата 20 кылмыш катталган.

 

 

 

_____________________________________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү | e-mail: j.rahmanova@stat.kg | тел. + 996 (312) 324652

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Last updating: 24.12.2019, 10:47