Депутаттар тобу “Расмий статистика жөнүндө” мыйзам долбоорунун жаӊы концепциясын сунуштоодо

Publications: 29.05.2019


Жогорку Кеңеште улуттук статистиканы андан ары өнүктүрүү максатында иштелип чыккан бир пакеттеги “Расмий статистика жөнүндө” мыйзам долбоору жана «Кыргыз Республикасынын расмий статистика чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – депутаттар Мурадыл Мадеминов менен Бактыбек Турусбеков. Бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин басмасөз кызматы билдирди.

Демилгечилердин берген маалыматына караганда, сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоорлору улуттук статистика тутумун уюштуруунун, анын ишин жөнгө салуунун, расмий статистиканы иштеп чыгуунун, даярдоонун жана жайылтуунун укуктук негиздерин аныктайт. Макулдашылган, такталган жана эл аралык салыштырмалуу статистикалык маалыматтар өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байкоо жүргүзүү үчүн керек.

Расмий статистика чыныгы маалыматтардын негизинде саясий чечим кабыл алууда негизги инструмент болуп эсептелет. Экономикалык жана социалдык реформалар жүрүмүндө ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту камсыз кылуу үчүн маанилүү курал болуп саналгандыктан, саясий чечимдерди кабыл алуучу жактардын өз ишинин натыйжасын калыс баалоосуна мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, 1994-жылы биринчи жолу «Мамлекеттик статистика жөнүндө» мыйзам кабыл алынган. Ал мамлекеттик статистика органдарынын ишмердигин көз карандысыз жана өз алдынчалуулук принциптери менен камсыз болушуна чыйыр салган. Мындайча айтканда, статистика органдары аткаруу бийлигинин курамынан чыгып, КР Өкмөтүнө караштуу Статистика боюнча мамлекеттик агенттик болуп түзүлгөн, андан кийин ал Улуттук статистика комитетине айланган.


Last updating: 29.05.2019, 14:13