Некролог. Кыдыралиев Нарынбек Бейшенакунович

Publications: 28.07.2021


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, 1965-жылы туулган, кыргыз, билими - жогорку, «Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси» класстык чини бар Нарын облустук статистика башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Кыдыралиев Нарынбек Бейшенакунович 56 жаш курагында күтүүсүздөн дүйнөдөн кайткандыгын терең өкүнүү менен билдирет.

Анын эмгек ишмердиги 1986-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика органдарында Нарын облустук мамлекеттик статистика башкармалыгынын Эсептөө борборунун адисинин кызмат ордунда иштөөдөн башталган. 1991-жылы Нарын облусунун Мамлекеттик статистика башкармалыгынын адиси болуп дайындалган.

2001-жылы Нарынбек Бейшенакунович Нарын облусунун Нарын райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн башкы адисинин кызмат ордуна, ал эми 2004-жылы директордун орун басары болуп дайындалган.

Андан кийин 2004-жылдын октябрында Нарын шаардык мамлекеттик статистика бөлүмүнүн сектор башчысы болуп дайындалган, анда 2017-жылга чейин иштеген.

Кыдыралиев Нарынбек 2017-жылы Нарын облустук статистика башкармалыгынын башчысынын орун басарынын кызмат ордуна дайындалган. Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун тутумунда иштеген мезгилинде ал өзүн сабаттуу, иш билги адис катары  жана жогорку кесиптик билими жана уюштуруучулук жөндөмү бар жетекчи катары көрсөттү. Жамаатта ал татыктуу урмат-сыйга жана ишенимге ээ болгон.

Статистика органдарында ак ниет жана узак мөөнөт иштегендиги үчүн Кыдыралиев Нарынбек Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Башкы эсептөө борборунун Ардак грамотасы, Нарын облусунун Нарын шаарынын мэриясынын администрациясынын жана Нарын шаардык Кеңешинин Ардак грамотасы, «Статистиканын отличниги» төш белгиси, «Мекенчил инсан» медалы, «Райондук жана шаардык мамлекеттик статистика бөлүмдөрүнүн 2013-жылдагы мыкты жетекчиси», диплому, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан жеке саат сыйлыктары менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жетекчилиги жана жамааты бул жоготууда маркумдун туугандарынын жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшүү менен аларга терең кайгыруу менен көңүл айтат.

 


Last updating: 28.07.2021, 13:55