Кыргыз Республикасында малды жана үй канаттууларын бир жолку кайра эсептөөнүн жыйынтыктары жөнүндө

Publications: 15.02.2019


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген 2018-жылга карата Статистикалык иштердин программасынын жана  “Кыргыз Республикасынын аймагында 2018-жылдын аягына карата малды жана үй канаттууларын кайра эсептөөнү жүргүзүү  жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин  биргелешкен буйругун аткаруу максатында, 2018-жылдын 10-декабрынан 25-декабрына чейин  Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин, Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министирлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетектөөсүнүн алдында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары малды жана үй канаттууларын текши кайра эсепке алууну өткөрүштү. 

Санакта мамлекеттик жана жамааттык чарбаларында, мекемелердин жана уюмдардын көмөкчү чарбаларында, дыйкан (фермердик) чарбаларында, жеке ишкерлердин чарбаларында жана жарандардын жеке көмөкчү чарбаларында болгон мал жана үй канаттуулары эсепке алынды.

1-таблица. Мал жана үй канаттууларынын саны
                  
(жылдын аягына карата чарбалардын бардык категорияларында, баш)

 

2017

2018

2018 к 2017

+,-

в %

Ири мүйүздүү мал

1575434

1627296

51862

103,3

Койлор жана эчкилер

6077775

6167949

90174

101,5

Чочколор

52169

51265

-904

98,3

Жылкылар

481329

498684

17355

103,6

²й канаттулары

5910418

6009697

99279

101,7

Төөлөр

228

246

18

107,9

Эшектер

33144

28941

-4203

87,3

Коендор

25384

27677

2293

109

Аары бал челеги, шт.

111690

118996

7306

106,5

Малга жана үй канаттууларына жүргүзүлгөн санактын жыйынтыгы республикада айыл чарбасындагы малдардын негизги түрлөрүнүн санынын өсүп жаткандыгын көрсөтүп турат. (Кененирээк...)

_______________________________________________________________________________________

Айыл чарба статистикасы бөлүмү

 |e-mail:e.turgunbaeva@stat.kg;    |  тел. + 996 (312) 62 57 35

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланууда, маалыматтык тарамдарда кагаз түрүндө, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө жайылтууда колдонуучу маалыматтын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (КРнын “Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренеси).


Last updating: 15.02.2019, 16:45