Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө жаңы Кодексине ылайык статистикалык отчетторду бербегендиги жана өз убагында эмес бергендиги үчүн жоопкерчилик

Publications: 31.01.2019


   

  Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети өлкөдөгү соттук-укуктук реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө Кодекси 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө киргендигин маалымдайт жана эскертет.  Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодекси мазмуну боюнча бир катар ченемдерди камтыйт, ал ченемдер мурда Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчиликтер жөнүндөгү Кодексинде болуп келген, тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин административдик айып салуу укуктары эми Бузуулар жөнүндө жаңы Кодексте чагылдырылды.   

    Андыктан, бузуулар жөнүндө жаңы Кодексинин «ыйгарым укуктуу органга маалыматтарды, билдирүүлөрдү, отчетторду бербегендиги, өз убагында эмес бергендиги же ишенимсиз маалымат бергендиги үчүн 2-категориядагы айып (жеке жактар үчүн – 30 эсеп көрсөткүчүндө, юридикалык жактар үчүн - 130 эсеп көрсөткүчүндө;) салууга жатат» деген 294-беренесине ылайык, «Мамлекеттик статистика жөнүндө» КР Мыйзамынын ченемдерин, тагыраак айтканда, статистикалык отчетторду берүүнүн ченемдерин бузган респонденттерге карата толук көлөмдө айып санкцияларын салууга карата Улутстаткомдун мүмкүнчүлүгү каралган.

   Ушуга байланыштуу Улутстатком статистикалык отчетторду өз убагында бербегендиги, ишенимсиз маалымат бергендиги үчүн жоопко тартыла тургандыгы жөнүндө респонденттерге ушул аркылуу билдирет.   

   Жазаларды аткарууну камсыз кылуу максатында, айып туумдар түрүндө эсептелген айыпты төлөөдөн качкан бузуучуга мажбурлап төлөтүү чаралары каралган. Ошондой эле,  Кодекстин ченемдерине ылайык, бузууларга жол берген жактар каттоого алынат. Ушуга байланыштуу Бузуулардын Бирдиктүү реестри да иштейт, анда бузуулар жөнүндө өндүрүштүн бардык этаптары байкоого алынып көрүнүп турат.  


Last updating: 31.01.2019, 17:10