2020-жылы белгиленген эл жана турак жай фондун каттоо мөөнөтү жылдырылды

Publications: 17.04.2020


 

Улутстатком тарабынан 2020-жылы белгиленген Кыргыз Республикасынын эл жана турак жай фондун каттоону белгисиз мөөнөткө жылдырды. Буга чейин COVID-19 коронавирусунун таралышына байланыштуу, Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн айрым шаарлары менен райондорунда өзгөчө абал тартибин 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартуу жөнүндө Жарлыкка кол койгон.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасында эл жана турак жай фондун каттоону  өткөрүү 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелге чейин белгиленген. Бирок, COVID-19 коронавирусунун таралышына байланыштуу, 2020-жылдын 19-мартында эл каттоонун иш чарасынын расмий мөөнөтүн ушул жылдын 20-апрелинен 29-апрелине чейинки мезгилде өткөрүү чечими кабыл алынган.  

****

КР Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы өлкөнүн бирден бир маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы катары рынок доорунун заманнбап талаптарына жооп берет. Мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республикадагы социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абал боюнча зарыл болгон маалыматтар менен камсыз кылып турат. Жалпыга маалымдоо каражаттарында, илимий иштерде, маалымат тармактарында таратууда, кагаз, магниттик алып жүрүүлөрдө жана башка маалымат алып жүрүү жабдыктарында колдонуучулар статистикалык маалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү. («Мамлекеттик статистика жөнүндөгү» мыйзамдын 17-беренеси).

Толук маалымат алуу жана интервью уюштуруу боюнча КР Улуттук статкомунун басма сөз кызматына кайрылыңыздар: тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги: Фрунзе көчөсү 374 (Тоголок Молдо көчөсү менен кесилишет).

 

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Улутстатком Фейсбукта |

тел.625747 |

 

 

 


Last updating: 20.04.2020, 09:21