ЭЛ КАТТОО 2020: Улутстатком заманбап технологияларды колдонот

Publications: 12.03.2020


Улуттук статистика комитети эл жана турак жай фондун каттоонун маалыматтарын киргизүү боюнча мобилдик тиркемени иштеп чыкты.

Каттоо учурунда заманбап технологиялар колдонулат. Кагаздагы суроолорду электрондук форматка өткөрүү үчүн Улуттук статистика комитети мобилдик тиркемени иштеп чыкты. Анын кагаздагы суроолордон бир катар артыкчылыктары бар:

-чыгашаларды унөмдөйт жана маалыматтарды иштеп чыгууну тездетет;

-маалыматтардын сапатын жакшыртат;

-каттоо учурун реалдуу убакытта көзөмөлдөгөнгө болот;

-каттоо жүргүзүп жаткан кызматкерлерди эффективдүү башкарууну камсыз кылат.

Бул мобилдик тиркеме баарына жеткиликтүү эмес. Демек жарандардын персоналдык маалыматтары толук корголгон.

Элди  жана турак жайды катоо учурундагы колдонулуучу суроолордун бир нече турлөрү бар:

-“Каттоо баракчасы – Каттала турган жактардын тизмеси” – адамдар жашаган бөлмөлөрдүнар бирине, анын ичинде жатаканадагы бөлмө, оорукана, мейманкана жана башка мындай мекемелерге толтурулат.

-“Каттоо баракчасы – Эл” – үйдо жашаган ар бир адамга өзүнчө толтурулат.

-“Каттоо баракчасы – Турак жай” – турак жай жана жарандардын тиричилик шарттары тууралуу суроолорду камтыйт.

Жарандардын жеке маалыматтарынын бардыгы ачыкка чыгарылбайт жана жыйынтыктоочу маалыматтарды түзүү үчүн гана колдонулат. Маалыматтардын конфеденциялдуулугу - жарандык – укуктук келишимдер жана кызматкерлердин кызматтык инструкциясы менен кепилденет.

Улутстатком каттоо учурунда заманбап технологияларды колдонот!

Улустаткомдун ролигин жүктөңүз Улутстатком мобилдик тиркеме иштеп чыкты

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат.  Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).

Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги:  Фрунзе көч., 374 (Т. Молдо көч. кесилиши).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Улутстатком Фейсбукта |

тел.625747 |

 

Last updating: 12.03.2020, 17:00