Ушул жылдын 10 айында республиканын экономикасы 7 пайызга төмөндөдү

Publications: 13.11.2020


2020-жылдын январь-октябрь айларында ички дүң продукт алдын ала баалоо боюнча 457 миллиард сомго жакын жана 2019-жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу 7,4  пайызга төмөндөдү.

 «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2020-жылдын январь-октябрь айларында ИДПнын көлөмү 402 миллиард сомдон ашып, 8,3 пайызга азайды.

Ички дүң продукт
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2020-жылдын январь-октябрында 265 миллиард сомго жакындады жана өткөн жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 3,6 пайызга төмөндөдү, буга күйүүчү майдын көлөмүнүн кыскарышы себеп болду (55,1 пайыз),  текстиль өнөр-жайы, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жанан булгаарыдан жасалган буюмдар (22,3 пайыз), жыгач жана кагаздан жасалган буюмдар, полиграфиялык ишмердик (19,3 пайыз), резина жана пластмасса буюмдары, металл эмес минералдык буюмдар (9,6 пайыз), азык-түлүктү өндүрүү  (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктары (5,4 пайыз), ошондой эле жер астынан казылган баалуу металлдардын (16,8 пайыз) кыскарышы таасирин тийгизди.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Курулуш тармагында төмөндөөлөр байкалат, анын көлөмү - 11,5 пайызга азайды,  дүң жана чекене соода тармагында көрсөткүчтөр 16,0 пайызга азайды, ал эми айыл чарбасында оң тенденциялар байкалды, анда өндүрүүнүн көлөмү 0,8 пайызга өстү.

2020-жылдын январь-октябрь айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө баалары жана тарифтер 5,3 пайызга өстү. Мында тамак-аш продуктуларынын жана алкоголсуз суусундуктардына болгон баалар (9,6 пайыз), алкоголдук ичимдиктердин жана тамекинин баалары (5,8 пайызга), калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтери – 1,7 пайызга өскөнү байкалды. Ал эми азык-түлүк эмес товарларга болгон баалар 0,5 пайызга жогорулады.

Үстүбүздөгү жылдын керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулаганы Талас облусунда байкалды (8,5 пайыз). Буга тамак-аш продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баалардын (16,6 пайызга) өскөнү таасирин берди.    

Кыргыз Республикасынын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү, 2020-жылдын январ-сентябрында 4,2 млрд АКШ долларын түздү ашты жана 2019-жылдын январ-сентябрына салыштырмалуу 17,6 пайызга төмөндөдү, ушул эле учурда  экспорттук жөнөтүүлөр 10,5 пайызга көбөйдү, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче, 28,1 пайызга кыскарды. 

2020-жылдын январь-сентябрында Республиканын ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү  1,8 млрд АКШ долларга жакындады жана 2019-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 12,0 пайызга азайган.

Ушул эле учурда, экспорттук жөнөтүүлөр - 12 пайызга, импорттук келип түшүүлөр - 11,9 пайызга төмөндөдү азайган. Республиканын  ЕАЭБге мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (64,6 пайызы) жана Казакстанга (33,4 пайызы) туура келди.

Кыргыз Республикасынын  ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасы

(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

 

Импорт                                                                                                    Экспорт

 

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат.  Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги:  Фрунзе көч., 374 (Т. Молдо көч. кесилиши).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Улутстатком Фейсбукта |

тел.625747 |


Last updating: 16.11.2020, 16:24