11 айдын жыйынтыгы менен ИДП көлөмү 2,4 пайызга көбөйдү

Publications: 10.12.2021


Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрь айларында ички дүң продукт алдын ала баалоо боюнча, 626 миллиардга жакын сомду түздү жана 2020-жылдын январь-ноябрь айларына салыштырмалуу 2,4 пайызга жогорулады.

«Кумтор» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрь айларында ИДПнын көлөмү 569 миллиардга жакын сомду түздү жана 4,1 пайызга жогорулады.

Ички дүң продукт
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2021-жылдын январь-ноябрь айларында 312 миллиарддан ашык сомду түздү жана өткөн жылдын январь-ноябрь айларына салыштырмалуу 3,4 пайызга жогорулады, буга себеп тазаланган мунайзат өндүрүшүндө (64,7 пайызга), муну менен катар, резина жана пластмасса буюмдарынын, башка металл эмес минерал продуктулар өндүрүшүндө (32,2 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдар өндүрүшүндө, полиграфиялык ишмердикте (28,4 пайызга), пайдалуу кендерди казуу өндүрүшүндө (17,8 пайызга), ошондой эле тамак-аш (анын ичинде суусундуктар) азыктарын жана тамеки өндүрүүдө (15,0 пайызга), көлөмдөрдүн жогорулаганы менен тартылды.

Өнөр жай продукциясынын  көлөмү
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Курулуш жана айыл чарба тармактарында төмөндөөлөр байкалды, алардын көлөмү курулушта – 4,6 пайызга, айыл чарбасында – 4,0 пайызга төмөндөдү, ушул эле учурда дүң жана чекене соода, жүгүртүүдө тескерисинче, көлөмдүн 10,3 пайызга өсүшү белгиленди.

Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрь (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын өсүүсү 9,7 пайызды түздү. Ушул эле учурда алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге - 10,8 пайызга, тамак -аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга 11,0 пайызга, азык -түлүк эмес товарларга – 10,0 пайызга, калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтери – 5,1 пайызга өсүүлөрү байкалды.

Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы  (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын баардык региондорунда байкалды. Мында баанын максималдуу өсүүсү башка региондорго салыштырганда эң чоң пайыздык көрсөткүч 13,8 пайыз) Жалал-Абад облусунда катталган, азык-түлүк эмес товарларга болгон баа (19,0 пайызга) жогору экени аныкталды.

Кыргыз Республикасынын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2021-жылдын январь-октябрында 5,7 млрд. АКШ долларын түздү жана 2020-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 21,2 пайызга көбөйдү, мында экспорттук жөнөтүүлөр 19,7 пайызга азайды, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче 43,7 пайызга жогорулады.

Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү 2021-жылдын январь-октябрында 2,7 млрд. АКШ долларын түздү жана 2020-жылдын январь-октябрына салыштырганда 33,8 пайызга өстү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 35,3 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 33,3 пайызга жогорулаган. 

Республиканын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттери менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү январь-октябрьда  Россияга (64,2 пайыз) жана Казакстанга (33,4 пайызга) туура келди.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Презентациялар:

1. 2021-жылдын январь-сентябрында Кыргыз Республикасына тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүүсү

2. Общая информация о подготовленных мероприятиях по проведению переписи населения и жилищного фонда Кыргызской Республики 2022

****

Национальная информационно-статистическая система Кыргызской Республики, являющаяся важнейшей государственной информационной системой республики, отвечает современным требованиям рыночной экономики, обеспечивает органы государственной власти и общественность необходимой информацией о социальном, экономическом, демографическом и экологическом положении республики.

Пользователи при использовании данных официальной статистики и соответствующих метаданных обязаны ссылаться на их источник (ст. 30 Закона Кыргызской Республики «Об официальной статистике»).

За более подробной информацией по вопросам организации интервью обращаться:

Пресс-служба Нацстаткома Кыргызской Республики, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg,

Адрес: ул. Фрунзе 374 (пересекает ул. Т. Молдо).


Last updating: 10.12.2021, 12:05