Ушул жылдын январь-август айында республиканын экономикасы 5,9 пайызга төмөндөдү

Publications: 11.09.2020


Ички дүң продукт 2020-жылдын январь-июнь айларында, алдын ала баалоо боюнча, 335 миллиард сомдон ашты жана 2019-жылдын январь-август айларына салыштырмалуу 5,9 пайызга төмөндөдү.

 «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2020-жылдын январь-августта ИДП көлөмү 293миллиард сомду түзүп, 7,6 пайызга азайды.

Ички дүң продукт
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2020-жылдын январь-августта 205 миллиард сомду түздү жана өткөн жылдын январь-июнга салыштырмалуу 0,1 пайызга жогорулады, бул өсүш фармацевтикалык продукциянын көлөмүнүн көбөйүшүнө (2,5 эсеге), химиялык продукциянын (17,9 пайызга), жер астынан казылган баалуу металлдардын (9,8 пайызга), унаа менен анын шаймандарын эске албаганда, темир жана даяр темир буюмдарынын (11,6 пайызга) көбөйүшүнүн эсебинен болду.    

Өнөр жай продукциясынын көлөмү
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Курулуш тармагында төмөндөөлөр байкалат, анын көлөмү - 7,8 пайызга азайды,  дүң жана чекене соода тармагы - 14,9 пайызга төмөндөсө, дүң жана чекене соодас тармагында 17,2 пайызга азайды, ал эми айыл чарбасында оң тенденциялар байкалды, анда өндүрүүнүн көлөмү 1,8 пайызга өстү.

2020-жылдын январь-август айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө баалары жана тарифтер 2,2 пайызга өстү, бул  тамак-аш продуктуларынын жана алкоголсуз суусундуктардына (4,2 пайыз), алкоголдук ичимдиктердин жана тамекинин баалары (5,8 пайызга), кызмат көрсөтүүгө – 0,1 пайызга бааларынын өсүшү менен шартталды. Ушул эле учурда, өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу ушул жылдын август айында азык-түлүк эмес товарлардын баалары 0,7 пайызга төмөндөдү.  

Керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулаганы Талас облусунда байкалды (5,4 пайыз). Бул башка региондорго салыштырмалуу, баалардын тамак-аш продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга (12,1 пайызга) көбүрөөк жогорулаганы менен шартталды.    

Кыргыз Республикасынын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү, 2020-жылдын январ-июлда 3 млрд АКШ долларынан ашты жана 2019-жылдын январ-июлга салыштырмалуу 21,7 пайызга төмөндөдү, ушул эле учурда  экспорттук жөнөтүүлөр 1,7 пайызга көбөйдү, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче, 31,3 пайызга кыскарды. 

2020-жылдын январь-июль айларында Республиканын ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү  1,3 млрд АКШ долларын түздү жана 2019-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 17,9 пайызга азайган.

Ушул эле учурда, экспорттук жөнөтүүлөр - 23,5 пайызга азайган, импорттук келип түшүүлөр - 16,2 пайызга төмөндөдү.  Республиканын  ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (66,7 пайызы) жана Казакстанга (31,3 пайызы) туура келди.

Кыргыз Республикасынын  ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасы

 (өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

 

Импорт                                                                                                    Экспорт

 

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат.  Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси). Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги:  Фрунзе көч., 374 (Т. Молдо көч. кесилиши).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Улутстатком Фейсбукта |

тел.625747 |

 


Last updating: 11.09.2020, 14:59