Экономиканын реалдуу секторунун ишканаларынын пайдасынын көлөмү 2019-жылдын январь-сентябрына караганда 20 эседен ашык кыскарды

Publications: 15.12.2020


2020-жылдын январь-сентябрында COVID-19 коронавирус пандемиясына байланыштуу карантин жана чектөө чаралары киргизилгендигине байланыштуу өндүрүштүк ишмердиктин муктаждуу үзгүлтүккө учурашы менен шартталган, экономикалык ишмердиктин дээрлик бардык түрлөрү боюнча ишканалардын дүң кирешесинин төмөндөшү байкалды.

Эң көп жабыр тарткан ишканалар соода, мейманкана жана ресторан бизнеси, транспорт, туризм, эс алуу жана көңүл ачуу, ошондой эле башка кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү ишканалар болду, бул алардын карантин мезгилинде толугу менен жабылганына байланыштуу, ал эми андан ары социалдык дистанциядагы чектөөчү чараларды аткаруу зарылчылыгы менен шартталган. Ошондой эле карыздык милдети жогору ишканалар, өзгөчө ал чет элдик валютадагы карыз болсо, алар олуттуу кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жатышат.

2020-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча экономиканын реалдуу секторунун ишканалары тарабынан 1,7 млрд. сом өлчөмүндө пайда менен оң сальдолоштурулган финансылык жыйынтык алынды. Бирок, 2019-жылдын январь-сентыбрына салыштырганда сальдолоштурулган пайданын көлөмү 20 эседен ашык кыскарды. Мында рентабелдүү ишканалардын үлүшү 28 пайыздан ашыгын (өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде 35 пайызга жакынын) түздү.

Сальдолоштурулган финансылык жыйынтыктын түзүлүшүнө, чет элдик валюта операциялары боюнча терс курстук айырмачылыктар жана карыздык милдеттенмелер боюнча төлөнүүчү пайыздардын өсүшү менен шартталган операциялык эмес ишмердиктин чыгымдарынын өсүшү терс таасирин тийгизди. 2020-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча мындай чыгымдардын суммасы өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 10,5 эсеге көбөйүү менен 48 млрд. сомго жакынын түздү.

Экономиканын реалдуу секторунун ишканаларынын финансылык көрсөткүчтөрү

 

Январь-сентябрь

2019

2020

Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык

  (пайдадан чыгым кемитилет), млрд. сом

37,1

1,7

Операциялык эмес кирешелер (+) жана чыгашалар (-), млрд. сом

-4,5

-47,7

Рентабелдүү ишканаларынын үлүшү %

34,6

28,2

Чыгашалуу ишканаларынын үлүшү, %

26,4

25,2

Экономиканын реалдуу секторунун ишканаларынын ишмердигинин финансылык жыйынтыгынын начарлоосу алардын рентабелдүүлүгүнүн деңгээлинин төмөндөшүнө алып келди. 2020-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча сатуулардын рентабелдүүлүгү жалпы экономиканын реалдуу сектору боюнча 0,5 пайызды гана түздү, ал эми 2019-жылдын ушул эле мизгилинде анын деңгээли 12 пайызга жакынын түзгөн.

Экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча экономиканын реалдуу секторунун ишканаларынын сатууларынын рентабелдүүлүгү *

      (пайыз менен)

 

янв.-сент.

2019

2020

янв.- март

янв.- июнь

янв.-сент.

Бардыгы

11,6

-21,6

-1,7

0,5

Айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык

 уулоочулук

9,5

3,1

4,5

13,6

Пайдалуу кендерди казуу

19,8

-94,9

-34,4

-17,2

Иштетүү  өндүрүшү

10,1

7,5

9,7

11,2

Электр энергия, газ, буу жана кондицияланган

 аба менен камсыздоо

-3,7

-108,2

-44,8

-64,1

Cуу  менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды
   иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты

  алуу

1,6

-5,7

-1,8

-2,1

Курулуш

4,4

-9,1

-15,4

-18,3

Дүң жана чекене соода; автоунааларды
   жана мотоциклдерди оңдоо

27,1

-6,5

11,0

14,6

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо

15,9

4,5

9,4

11,4

Мейманканалар жана ресторандар

0,1

-27,5

-43,0

-23,3

Маалымат

17,1

14,1

14,7

17,0

Байланыш

20,4

11,6

16,2

15,1

Финансылык ортомчулук

12,8

18,4

20,0

19,0

Кыймылсыз мүлк операциялары

28,2

-30,8

-6,5

-3,3

Кесиптик, илимий жана техникалык

 ишкердик

-6,8

-371,7

-191,9

-125,4

Административдик жана көмөкчү ишмердик

15,7

2,6

7,0

6,9

Билим берүү

5,1

2,2

1,4

0,4

Саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык

 жактан тейлөө

14,1

12,0

11,5

10,7

Искусство, көңүл ачуу жана эс алуу

-4,8

-17,8

-8,4

-25,9

Башка тейлөө ишмердиктери

18,9

-513,2

-250,4

3,3

* Сатуулардын рентабелдүүлүгү отчеттук мезгилде ишкана тарабынан алынган продукцияны (кызмат көрсөтүүнү) сатуудан түшкөн акчага  (дүн кирешеге) карата баланстык пайданын (чыгымдын) катышы катары эсептелет.

Алуу белгиси (-) чыгашалуулукту билдирет.

2020-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) ишканалары, пайдалуу кендерди казуу, курулуш, ошондой эле кесиптик, илимий жана техникалык ишкердик (геологиялык чалгындоону кошкондо), кыймылсыз мүлк операциялары, мейманкана жана ресторан бизнес чөйрөсүндө, ошондой эле искусство, көңүл ачуу жана эс алуу ишканалары тарабынан чыгымдарга жол берилген, бул сатуулардын рентабелдүүлүгүнүн коэффициентинин терс маанилерин алууга алып келди.

 

______________________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү                  |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;                    |тел. + 996 (312)  626073, 625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 15.12.2020, 15:40