Жалпы өлкө боюнча каттоочулардын эл жашаган турак жай курулуштарынын жана жайларынын тизмесин түзүү боюнча иши башталды

Publications: 16.05.2019


«Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы № 690 токтомуна ылайык, Кыргыз  Республикасынын Улуттук  статистика комитети эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү иш-чараларын жүргүзүп жатат.

2019-жылдын 22-апрелинен тартып, бир ай ичинде жалпы өлкө боюнча даректик регистрди тактоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул иш-чарага 3386 каттоочулар тартылган, алар эл жашаган турак жай курулуштарынын жана жайларынын тизмесин тактоо, ошондой эле жашаган калктын санын аныктоо үчүн өздөрүнүн участокторун кыдырып чыгышы керек.

____________________________________________________________________________________

Статистикалык каттоолор бөлүмү   

e-mail: r.chynybaeva@stat.kg    

тел. + 996 (312) 32 53 36


Last updating: 21.05.2019, 17:12