2020-жылга карата “Азык-түлүк коопсуздугу жана кедейчилик боюнча маалымат бюллетени” басып чыгарууга даярдалды

Publications: 02.03.2021


2020-жылга карата “Азык-түлүк коопсуздугу жана кедейчилик боюнча маалымат бюллетени” өлкөдөгү азык-түлүк менен камсыздоо деңгээлинин талдоосун камтыйт. Бюллетенде азык-түлүктүн болуусу, аны өндүрүү жөнүндө материалдар, азык-түлүктүн жеткиликтүүлүк көрсөткүчтөрү, калктын адам башына карата азык-түлүктүн керектөөсү жөнүндө маалыматтар бириктирилген жана тутумдаштырылган.

Тиркемелерде Кыргыз Республикасынын аймактарындагы гидрометеорологиялык шарттардын баяны, 2019-2020-жылдын IV кварталындагы тамак-аш азыктарына болгон орточо чекене баалары жөнүндө маалымат, 2020-жылдын 9 айы үчүн 5 016 үй чарбаларынын интеграциялык изилдөөсүнүн натыйжалары боюнча энергетикалык баалуулук түрүндө тамактануу теңдеми, ошондой эле бир нече жылдар боюнча азык-түлүктүк коопсуздук индикаторлору камтылган. Кененирээк «Басылма» бөлүмүнөн таанышсаңыз болот.

 

   _____________________________________________________________________________________________

Үй чарбалар статистикасы бөлүмү                  

| e-mail:y.kalymbetova @stat.kg |  тел. + 996 (312)  324655

 

 

 

Расмий статистикалык маалыматтарды жана тийиштүү метамаалыматтарды пайдаланган учурда пайдалануучулар алардын булагына таянууга милдеттіі (“Расмий статистика жјніндј” Мыйзамдын 30-беренеси).


Last updating: 02.03.2021, 17:15