“Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүү максаттарынын статистикасы” статистикалык жыйнагы басууга даярдалды

Publications: 26.01.2022


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан “Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүү максаттарынын статистикасы” статистикалык жыйнагынын экинчи чыгарылышы даярдалды.

Бул жыйнакта бардык жеткиликтүү көрсөткүчтөр боюнча Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетүүнүн прогресси жөнүндө маалыматтар, анын ичинде 99 глобалдуу жана улуттук көрсөткүчтөр үчүн убактылуу катарлар берилди, бул республикада жана анын аймактарында болуп жаткан социалдык-экономикалык жана экологиялык тенденциялардын тереңдетилген талдоосун жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Жыйнактын экинчи чыгарылышы коронавирус инфекциясынан (Covid-19) ооруга чалдыгуулар жана өлүмдөр, үй чарбаларына Covid-19 тийгизген таасири жөнүндө 2020-жылдын март-октябрындагы адистештирилген изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча алынган маалыматтар менен толукталды. Статистикалык жыйнак инфографиканы колдонуу менен кыскача версиясында да даярдалды.

Ушул басылманын максаты биздин өлкөдөгү учурдагы абал жана туруктуу өнүгүү прогресси жөнүндө коомчулукка маалымдоо, ошондой эле ТӨМдү иштетүүдө ийгиликке жетүү үчүн мындан аркы артыкчылыктуу кадамдарды аныктоого көмөктөшүү болуп саналат.

Сиздердин назарыңыздарга сунушталган басылма негизделген саясаттык жана башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу, кийинки иш-аракеттер үчүн аларга көңүл буруу керек болгон негизги багыттарды аныктоо үчүн мамлекеттик башкаруу кызматкерлерине абдан пайдалуу болот.

Жыйнактагы маалыматтар акыркы жети жыл боюнча келтирилди, ал эми тенденциялардын талдоосу үчүн 2010-жылдын маалыматтары берилди.

Бул басылма БУУнун Статистика бөлүмүнүн «Туруктуу өнүгүү максаттарынын мониторинги» долбоорунун, Тышкы иштер жана Шериктештик иштер боюнча (UNSD-FCDO) министрлигинин, ошондой эле БУУнун өнүктүрүү программасынын колдоосунун алдында басылып чыкты.

Басылма www.stat.kg дареги боюнча Улутстаткомдун расмий сайтында «Туруктуу өнүгүү максаттары» бөлүгүндө жайгаштырылды.

____________________________________________________________________________________

Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө статистикасы башкармалыгы |e-mail: sdg_nsc@stat.kg;

|тел. + 996 (312) 324691 + 996 (312) 625607

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 26.01.2022, 10:09