«Кыргыз Республикасынын аялдары жана эркектери 2016-2020» статистикалык жыйнагы басууга даярдалды.

Publications: 24.11.2021


«Кыргыз Республикасынын аялдары жана эркектери 2016-2020» статистикалык жыйнагынын жаңыланган версиясы басууга даярдалды. Жыйнакта калк, аялдар менен эркектердин мамлекеттик органдардагы өкүлдөрү, жумуш менен камсыздуулук жана жумушсуздук, жашоо деңгээли, билим берүү, саламаттыкты сактоо, укук бузуулар, убакыт бюджетин пайдалануу, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жана колдонуучуларды кызыктырган башка маалыматтар камтылган. Таблицалар инфографикалык дизайнды колдонуу менен берилген жана маалыматтарды визуалдаштырууну жакшырткан графиктер менен толукталды.

Кененирээк маалымат алуу үчүн Улуттук статистика комитетинин сайтындагы «Басылмалар/Кыргыз Республикасынын аялдары жана эркектери» бөлүгүнөн  карасаңыздар болот.

_______________________________________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү | e-mail: j.rahmanova@stat.kg | тел. + 996 (312) 324652

Расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда колдонуучулар алардын булагына кайрылууга милдеттүү. (Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси «Расмий статистика жөнүндө»).


Last updating: 24.11.2021, 17:01