Улуттук статистика комитети тарабынан "Кыргыз Республикасындагы улгайган адамдар" боюнча өткөргөн статистикалык изилдөөсүнүн жыйынтыктары боюнча отчету даярдалды

Publications: 15.11.2018


Улуттук статистика комитети тарабынан 2015-жылдын сентябрынан 2016-жылдын апрелине чейин "Кыргыз Республикасындагы улгайган адамдар" боюнча өткөргөн статистикалык изилдөөсүнүн жыйынтыктары боюнча отчету даярдалды, анын максаты үй чарбаларда жашаган 50 жаштагы жана андан улуу курактагы адамдардын саламаттык абалын, жашоо-турмушун, бакубатчылыгын жана элдин камсыздалган деңгээлин изилдөө болду. Изилдөөгө республиканын бардык аймактары боюнча сурамжылоо жүргүзүү аркылуу 4 миң респондент камтылды. Сурамжылоо КР УСК адистери тарабынан жүргүзүлгөн. Аналитикалык отчет SIAR research&consulting тарабынан даярдалган.

_________________________________________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү     |e-mail: j.rahmanova@stat.kg;       |тел. + 996 (312) 32 46 52   

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).


Last updating: 15.11.2018, 17:00