«Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөсү » статистикалык басылмасы басууга даярдалды

Publications: 29.10.2021


«Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөсү 2016-2020» боюнча жыйнагы жер, суу ресурстары жана аларды колдонуу, республиканын аймагында катталган флора жана фаунанын түрдүүлүгү, атмосфералык абанын абалы, өндүрүштүн жана керектөөлөрдүн калдыктары, аларды кайра керекке жаратуу боюнча иш-чаралар, айлана-чөйрөнү коргоого карата чыгымдар, ошондой эле республиканын айрым социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматты камтыйт.

Алардын орчундуу бөлүгүн иштеп чыгуу жана жайылтуу бөлүгү Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине жүктөлгөн, 65 көрсөткүчтөн турган, «жашыл өсүштүн» улуттук индикаторлору өзүнчө бөлүк менен берилди. (Кененирээк «Басылма» бөлүмүндө).

Бул басылманы алууну каалагандарга Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Маркетинг кызматына кайрылууну сунуштайбыз.

___________________________________________________________________________________

Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө статистикасы башкармалыгы |e-mail:nazira.kerimalieva@gmail.com; |тел. + 996 (312) 324691

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана  тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө  милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Мыйзамдын 30-беренеси).

 


Last updating: 10.11.2021, 10:19