2019-жылдын I жарым жылдыгында калктын ички миграциясынын жыйынтыктары чыгарылды

Publications: 12.09.2019


Калктын ички (облустар аралык) миграциясы, мурдагыдай эле, Чүй өрөөнүнө облустар аралык агымдардан багытталган тенденциясы менен мүнөздөлдү, ал эми калган региондордо калк туруктуу түрдө азайып бара жатат.

Мигранттардын агымы Бишкек шаарына жана Чүй облусуна багытталды. Муну менен бирге, 2018-жылы жалпы миграциалык өсүүсүсүндөгү Бишкек шаарынын үлүшү 64,4 пайызды, ал эми Чүй облусунун үлүшү – 35,6 пайызды түздү.

2018-ж. облустар аралык миграция боюнча Нарын облусунан (калктын 1000не 9 адам) чыгып кетүүлөрдүн эң жогорку деңгээли белгиленди. Облустар аралык миграция боюнча чыгып кетүүнүн негизги себеби жумуш издөө болуп эсептелет, ушуга байланыштуу облустар аралык агымдарда эмгекке жарамдуу курактагы мигранттар активдүү катышты.

Борбор шаарга келген облустар аралык мигранттардын дээрлик жарымын (48,9 пайызы) 20-34 жаш курактагы жаш адамдар түздү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтарына ылайык, 2019-жылдын январь-июнунда 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу калктын ички миграциясы 14,4 пайызы төмөндөгөнү белгиленди.

Январь-июнундагы ички (облустар аралык) миграциясы
 (адам)

 

2018

2019

 

саны

саны

 

келгендердин

кеткендердин

мигра циялык өсүү, кетүү агымы (+, -)

келгендердин

кеткендердин

мигра циялык өсүү, кетүү агымы
(+, -)

Кыргыз Республикасы

14 187

14 187

-

12 141

12 141

-

Баткен облусу

560

1 042

-482

656

888

-232

Жалал-Абад облусу

1 102

2 010

-908

955

1 623

-668

Ысык-Көл облусу

866

1 356

-490

843

1 027

-184

Нарын облусу

606

1 389

-783

474

1 142

-668

Ош облусу

1 542

2 531

-989

1 522

2 588

-1 066

Талас облусу

435

667

-232

283

516

-233

Чүй облусу

4 163

2 511

1 652

2 979

2 107

872

Бишкек ш.

4 104

2 077

2 027

3 357

1 756

1 601

Ош ш.

809

604

205

1 072

494

578

 

Демография статистикасы бөлүмү   |e-mail: gabdullaeva@stat.kg;   |тел. + 996 (312) 324636

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).


Last updating: 12.09.2019, 16:16