2015-жылдын январь-июлунда негизги капиталга өздөштүрүлгөн инвестициянын алдын-ала жыйынтыгы чыгарылды

Publications: 10.08.2015


Негизги капиталга өздөштүрүлгөн  инвестициянын көлөмү үстүбүздөгү жылдын январь-июлунда өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 44,9 млрд. сомду түзүп 6,2 пайызга өстү. Муну менен бирге ички булактардын эсебинен каржыланган инвестициялар 3,3 пайызга (анын ичинен жергиликтүү бюджеттин эсебинен – 3,3 эсеге, республикалык бюджеттин эсебинен – 1,8 эсеге, калктын каражатынын эсебинен – 28,4 пайызга), тышкы булактардын эсебинен 16,5 пайызга (муну менен бирге чет өлкөлүк гранттардын эсебинен – 2,6 эсеге, тике чет өлкөлүк инвестициянын  эсебинен – 26,9 пайызга) өстү.

Негизги көлөмү ( инвестициянын жалпы көлөмдүн 72,9 пайызы) пайдалуу кендерди казуу объекттерине, иштетүү өндүрүшүнө жана турак жай курулушуна багытталган.

415,8 миң чарчы метр жеке турак жай пайдаланууга берилди, өткөн жылдын тийиштүү мезгилинин деңгээлине караганда 96,6 пайыз.

__________________________________________________________________________________________

 

Курулуш жана инвестиция      |     e-mail:    birukova@stat.kg;    |     тел. + 996 (312) 324642

       статистикасы бөлүмү

 

Статистикалыкмаалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланууда, учурда маалыматтык тармактарда,кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).


Last updating: 11.08.2015, 10:17