Тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы 2019-жылга салыштырмалуу экиден ашык эсеге кыскарды

Publications: 12.03.2021


 

Алдын ала маалыматтар боюнча 2020-жылы тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы 2019-жылга салыштырмалуу 55,6 пайызга кыскарды жана 477,6 млн. АКШ долларын түздү.

Өткөн жылга салыштырмалуу, башка кредитордук карыздардан башка, бардык түзүүчүлөрдө тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө инвестициялардын келип түшүү агымынын төмөндөгөнү белгиленди.

Тике чет өлкөлүк  инвестициялардын келип түшүүсү1

 

Млн. АКШ доллары

Жыйынтыкка карата пайыз менен

 

2019

2020

2019

2020

Бардыгы

1 076,9

477,6

100

100

Менчик капитал

32,7

13,8

3,0

2,9

Финансылык лизинг

-

-

-

-

Кайра инвестицияланган пайда

578,8

289,5

53,8

60,6

Башка инвестициялар

465,4

174,3

43,2

36,5

анын ичинде:

 

 

 

 

резидент эместерден алынган кредиттер

316,4

151,8

29,4

31,8

соода кредиттери

148,9

19,9

13,8

4,2

башка кредитордук карыз

0,1

2,6

0,0

0,5

1 Чыгып кетүү агымын эсептебегенде.

 

 

 

 

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (97 пайызга жакыны) иштетүү өндүрүш ишканаларына, пайдалуу кендерди казуу, геологиялык чалгындоо, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу, дүң жана чекене соода чөйрөсүнө, ошондой эле, маалымат жана байланыш чөйрөсүнө багытталган. Муну менен бирге, инвестициялардын көлөмү геологиялык чалгындоого - 5,4 эсеге, маалымат жана байланыш чөйрөсүнө – 5,1 эсеге, иштетүү өндүрүш ишканаларына – 32,2 пайызга, финансылык ортомчулук жана камсыздандырууга – 31,6 пайызга, дүң жана чекене соодага – 23,4 пайызга, пайдалуу кендерди казуу ишканаларына - 22,9 пайызга төмөндөгөн.

КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмдөрү 2019-жылга салыштырмалуу 2,3 эсеге кыскарды, бул негизинен, алардын Канададан 1,7 эсеге (иштетүү өндүрүшү, пайдалуу кендерди казуу), Улуу Британиядан 3,6 эсеге (геологиялык чалгындоо), Кытайдан 2,9 эсеге (пайдалуу кендерди казуу, геологиялык чалгындоо), Швейцариядан – 2,6 эсеге (маалымат жана байланыш), Түркиядан – 4,1 эсеге (курулуш, иштетүү өндүрүшү)  жана Нидерланддан – 26,0 пайызга (иштетүү өндүрүшү, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу, маалымат жана байланыш) төмөндөшүнүн эсебинен болду.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүндө эң чоң салыштырма салмак Канадага (32,5 пайызы), Кытайга (24,5 пайызы), Нидерландга (9,5 пайызы), Швейцарияга (8,4 пайызы), Түркияга (4,8 пайызы) жана Улуу Британияга (4,3 пайызы) туура келди.

КМШ өлкөлөрүнөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшкөн көлөмү 2019-жылга салыштырмалуу 1,8 эсеге төмөндөдү, бул Россиядан келген инвестициялардын 2,8 эсеге (электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу), иштетүү өндүрүшү, дүң жана чекене соода), Казахстандан – 27,4 пайызга  (финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу, дүң жана чекене соода) кыскарышынын эсебинен болду. Муну менен катар, Азербайжандан келип түшкөн инвестициялар 1,8 эсеге (дүң жана чекене соода) көбөйдү.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү көлөмү 2019-жылга салыштырмалуу Талас облусунун ишканаларына – 1227,5 эсеге көбөйдү, ал эми ушул эле убакта калган региондорго инвестициялардын келип түшүүсү кыскарды.

Өткөн жылда келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын  көлөмүндө эң  чоң салыштырма салмак Ысык-Көл облусунун ишканаларына – 32 пайызга жакыны,  Бишкек шаарынын ишканаларына – 27 пайызы, Чүй облусунун – 19 пайыздан ашыгы, ошондой эле Жалал-Абад облусунун  ишканаларына – 13 пайыздан ашыгы туура келди.

2020-жылы 2019-жылга салыштырмалуу тике чет өлкөлүк  инвестициялардын чыгып кетүү агымы 20,1 пайыга көбөйдү жана 808,1 млн. АКШ долларын түздү. Муну менен бирге, чыгып кетүү агымы келип түшүү агымынын деңгээлинен 330,5 млн. долларга ашты. 

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө 2019-жылга салыштырмалуу кайра инвестицияланган пайдадан башка, бардык түзүүчүлөрдө инвестициялардын чыгып кетүү агымынын төмөндөгөнү белгиленди. Муну менен бирге, кайра инвестицияланган пайданын көбөйүшү (анын көлөмү ишканалардын бөлүштүрүлбөгөн кирешесине (чыгашасына) жана төлөнгөн дивиденддерге жараша болот) 2019-жылга  салыштырмалуу төлөнгөн дивиденддердин 2,6 эсеге көбөйүшү менен шартталды.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 

 

Млн. АКШ доллары

Жыйынтыкка карата пайыз менен

 

2019

2020

2019

2020

Бардыгы

673,1

808,1

100

100

Менчик капитал

41,2

17,8

6,1

2,2

Финансылык лизинг

-

-

-

-

Кайра инвестицияланган пайда

80,7

334,1

12,0

41,3

Башка инвестициялар

551,2

456,2

81,9

56,5

анын ичинде:

 

 

 

 

резидент эместерден алынган кредиттер

401,3

356,4

59,6

44,1

соода кредиттери

138,7

99,5

20,6

12,3

башка кредитордук карыз

11,2

0,3

1,7

0,1

 

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги чыгып кетүү агымы (91 пайыздан ашыгы) геологиялык чалгындоо, иштетүү өндүрүшү, пайдалуу кенди казуу жана курулуш чөйрөсүнөн чыгып кетүүсү байкалды. Муну менен бирге, инвестициялардын чыгып кетүү агымы иштетүү өндүрүш ишканаларынан - 61,9 пайызга, геологиялык чалгындоо – 35,8 пайызга, пайдалуу кендерди казуу ишканаларынан – 8,5 пайызга көбөйгөнү байкалды. Муну менен катаркурулуш чөйрөсүнөн инвестициялардын чыгып кетүү агымы - 2,2 эсеге  төмөндөдү.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын КМШдан тышкаркы өлкөлөргө чыгып кетүү агымы 2019-жылга салыштырмалуу 23,3 пайызга  көбөйдү, бул негизинен, алардын Швейцарияга (66,8 эсеге), Кореяга (5,6 эсеге), Улуу Британияга (3,1 эсеге), Германияга (2,8 эсеге), жана Кытайга (35,7 пайызга) инвестициялардын чыгып кетүү агымынын көбөйүшүнүн эсебинен болду.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымынын  жалпы көлөмүндө эң чоң салыштырма салмак Кытайга (62,2 пайызы), Улуу Британияга (11,7 пайызы), Кореяга (3,2 пайызы), жана Швейцарияга (2,8 пайызы) туура келди. 

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын КМШ өлкөлөрүнө чыгып кетүү  агымы 3,6 пайызга кыскарды, бул инвестициялардын Казакстанга (2,1 эсеге) жана Өзбекстанга (8,6 эсеге) чыгып кетүү агымынын төмөндөшүнүн эсебинен болду. Муну менен катар, инвестициялардын Россияга чыгып кетүү агымы 1,8 эсеге көбөйдү. 

2019-жылга салыштырмалуу, Нарын жана Чүй облустарынан жана Бишкек шаарынан башка, бардык  региондордон тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымынын көбөйгөнү белгиленди.

Өткөн жылда чыгып кеткен  тике чет өлкөлүк инвестициялардын  жалпы көлөмүндө эң  чоң салыштырма салмак Чүй облусунун ишканаларына – 44 пайызга жакыны,  Жалал-Абад облусунун  ишканаларына – 32 пайызга жакыны,  Бишкек шаарынын ишканаларына – 17 пайыздан ашыгы, ошондой эле Талас облусунун ишканаларына – 6 пайызга жакыны туура келди.

 

____________________________________________________________________________________________________

Инвестиция статистикасы бөлүмү   |e-mail:birukova@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324642

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдын 30-беренеси).


Last updating: 12.03.2021, 09:30