Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Төрагасы Бактыбек Кудайбергенов КМШ алкагындагы статкызмат жетекчилеринин Кеңешинин кезектеги отурумуна катышты

Publications: 21.12.2021


Бүгүн, 2021-жылдын 21-декабрында видео-конференция тартибинде КМШ өлкөлөрүнүн статкомитет жетекчилеринин Кеңешинин кезектеги отуруму өткөрүлүп, ага Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Төрагасы да катышты.

КМШ Өлкөлөр аралык статистика комитетинин төрагасы Владимир Соколин өз баяндамасында КМШ өлкөлөрүндөгү эл каттоону өткөрүү маселелерине токтолуп, отурумдун катышуучуларын келерки жылы, март-апрель айларында эл каттоо Кыргыз Республикасында өткөрүлө тургандыгын эске сала кетти. “Бүт дүйнө эл каттоонун өткөрүлүшүнө өзгөчө маани берет. 2020-жылы эле биз коллегалар менен 16 видео-конференцияларды өткөргөнгө үлгүрдүк, ал конференцияларда келе жаткан эл каттоодогу жаралган методикалык жана уюштуруу маселелерин талкууладык”,- деди Владимир Соколин сүйлөгөн сөзүндө. Ошондой эле ал учурдан пайдаланып, Бактыбек Кудайбергеновду жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, ага жооптуу ишине ийгиликтерди каалады.

 Отурумдун жүрүшүндө КМШ өлкөлөрүнүн статкомитет жетекчилери валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритетинин, КМШ аймагындагы Туруктуу өнүгүү максаттарынын көрсөткүчтөрүнүн негизинде Эл аралык салыштыруу программасын жүзөгө ашырууну талкуулашты. КМШ аймагындагы 2020-жылы эл каттоону өткөрүү маселеси отурумдун жүрүшүнүн негизги өзөгүн түздү.

Отурумдун жыйынтыгында КМШ Статкомитети тарабынан КМШ мүчө-өлкөлөрүнүн экономикасындагы негизги максаттуу макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнүн Мониторинги боюнча иштер улана тургандыгы баса белгиленди.

         

         


Last updating: 22.12.2021, 10:10