ПРЕСС-АНОНС: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын январь-февраль айларынын ичиндеги социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары

Publications: 10.03.2020


Улуттук статистика комитети ар бир айдын биринчи декадасында статмаалыматтарды колдонуучулардын кеңири катмары үчүн басма сөз жыйынын өткөрүп келет. Анын максаты – коомчулуктун өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу кабардар болуусу, мамлекеттик башкаруу органдары, жалпыга маалымдоо каражаттары, изилдөөчүлөр, коомдук уюмдар жана бизнес түзүмдөр пайдалануучу расмий статистикалык маалыматтар менен тааныштыруу болуп эсептелет.

Басма сөз жыйынында Улуттук статкомдун кызматкерлери ички дүң продуктунун (ИДП) түзүлүшү жана көлөмү жөнүндөгү расмий маалыматтар, республиканын жана аймактардын өнөр жай өндүрүшү, айыл чарбасы, ЕАЭБ биримдигине мүчө өлкөлөр жана үчүнчү өлкөлөр менен болгон экспорт-импорттук операциялар, керектөө рыногундагы алгачкы зарыл болгон товарлардын учурдагы баалары тууралуу маалыматтарды айтып беришет. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын эл жана турак жай каттоого карата даярдык; 2019-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарба продукциясынын өндүрүшүнүн жыйынтыктары жана  айыл чарба тармагында туруктуу өнүктүрүүнүн Максаттарынын индикаторлорунун мониторинги, ошондой эле 2019-жылы Кыргыз Республикасынын 2019-жылы рыноктогу тейлөөнүн көлөмү тууралуу маалымат берилет.  

Өтө турган убактысы: 2020-жылдын 11-март.  Саат 10.00-11.00.

Өтө турган жери:: Улуттук статистика комитети, 720033, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 374.

Сүйлөй турган спикерлер:                      

  • Ч.С.Турдубаева – Улутстаткомдун жыйынтыктоочу статистиканы чыгаруу жана статистикалык маалыматты жайылтуу бөлүмүнүн жетекчиси;
  • Р.К.Чыныбаева – Улутстаткомдун статистикалык каттоо бөлүмүнүн жетекчиси;
  • В.Т.Мамбеталиева – Улутстаткомдун керектөө рыногунун статистикасы, МКТ жана туризм бөлүмүнүн жетекчиси;
  • Г.Т.Мурсабекова – Улутстаткомдун айыл чарба статистикасы бөлүмүнүн жетекчиси. 

 

Мындан тышкары журналисттер кызыккан суроолору боюнча Улуттук статкомдун тиешелүү бөлүмдөрүнүн башчыларынан маалымат же кеңеш ала алышат.

Дагы толук маалымат алуу жана интервью уюштуруу үчүн басма сөз кызматына кайрылсаңыздар болот. тел.625747, e-mail: smi_nsc@stat.kg 

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Улутстатком Фейсбукта |

тел.625747 |

 

 


Last updating: 10.03.2020, 13:19