2020-жылда республиканын экономика ишканаларынын пайдасы 2,3 эсеге азайды

Publications: 14.09.2021


2020-жылда Кыргыз Республикасынын экономика ишканаларынын ишмердиги  иштеп жаткан ишканалардын санынын өсүшү, дүң кирешенин көлөмүнүн өсүшү менен, жылдын жыйынтыктары боюнча оң сальдолоштурулган финансылык жыйынтык (пайда) алуу менен, материалдык базаны бекемдөө менен мүнөздөлгөн. Бирок, оң  тенденцияларга карабастан, рентабелдуу ишканалардын санынын төмөндөшү байкалды, акыркы беш жылда сальдолоштурулган пайданын эң аз көлөмү жана операциялык эмес ишмердүүлүктөн эң чоң чыгым алынган. Муну менен бирге, өз ара төлөмдөрдүн өсүү тенденциясы, ишканалардын банктардын кредиттери жана зайымдар боюнча карыздардын көбөйүшү калууда.

Негизинен, негативдүү тенденциялардын калыптанышына республикада COVID-19 короновирус инфекциясынын пандемиясына байланыштуу карантиндик жана чектөөчү чаралардын киргизилиши таасир эткен. Эң көп жабыр тарткан ишканалар соода, мейманкана жана ресторан бизнеси, трнспорт, туризм, искусство, эс алуу жана көңүл ачуу, ошондой эле башка кызматтарды көрсөтүү чөйрөлөрү болгон, бул карантин мезгилинде алардын ишмердүүлүгүн толугу менен же жарым-жартылай токтотууга байланыштуу, ал эми келечекте чектөөчү социалдык алыстоо чараларын ишке ашыруу зарылдыгы менен байланыштуу.

Ошондой эле, 2020-жылдын экинчи жарым жылдыгында чыналган ички саясий кырдаалдын кесепеттери кен казуу өнөр жайы жана чалгындоо ишканаларынын ишине терс таасирин тийгизди. Мындан тышкары, улуттук валютанын наркынын төмөндөшүнө байланыштуу, финансылык абалдын начарлашы чет өлкөлүк валютада көрсөтүлгөн карыз жүгү жогору ишканаларда байкалган.

2020-жылы республиканын экономикасында финансылык-чарбалык ишмердиктерди 22 миңден ашык ишканалар жана уюмдар жүргүздү. Экономика ишканаларынын негизги саны - 21,7 миң ишканалар (экономика ишканаларынын жалпы санынын 97%) реалдуу (финансылык эмес) секторуна, 650 уюмдар (3%) - экономиканын финансылык секторуна туура келди. Тармактар бөлүнүшүндөгү экономика ишканаларынын жалпы санынын 27% соода чөйрөсүндө, 14% - өнөр-жай тармагында, 12% жакыны - курулуш тармагында, 10% ашыгы - кесиптик, илимий жана техникалык ишмердигин жүргүзүүчү уюмдарында ишмердиктерин жүргүздү.  

Экономика ишканаларынын продукциясын (товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн кирешелердин көлөмү 2020-ж. 548 млрд. сомдон ашыкты түздү. Алардын негизги үлүшү (жалпы көлөмдүн 90%) - экономиканын реалдуу сектордун ишканалары, ал эми 10% жакыны - финансылык сектордун уюдары тарабынан түзүлгөн.

Өткөн жылы кирешенин негизги көлөмү иштетүү өнөр жай ишканалары (жалпы көлөмдүн 48% ашыгы), финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу уюмдары (10%), соода (8,5%), электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыз кылуу (жабдуу) боюнча (7%), курулуш (7%), пайдалуу кенди казуу (4,5%) жана байланыш (4%) ишканалары тарабынан түзүлгөн. 

2020-жылдын жыйынтыктары боюнча экономика ишканалары тарабынан сальдолоштурулган финансылык жыйынтык 25 млрд. сомго жакын пайданы түздү, бул мурунку жылдын пайдасынын көлөмүнөн 2,3 эсеге аз. Пайданын эң көп көлөмү жалпы суммасынын 57% же 14 млрд. сому - финансылык сектордун уюмдары тарабынан алынды. Экономиканын финансылык эмес (реалдуу) секторунун үлүшүнө жалпы пайданын көлөмүнүн 43% же 11 млрд. сомго жакыны туура келди.

Рентабелдүү ишканалардын салыштырмалуу салмагы 31% деңгээлинде аныкталды, ал эми чыгашанын үлүшү иштеп жаткан ишканалардын жалпы санынын 21,5% түздү.

_____________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү    |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312)  626073, 625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 14.09.2021, 13:25