Эл жана турак жай каттоону өткөрүү убактысын жылдыруу чечими кабыл алынды

Publications: 19.03.2020


Бүгүн, 2020-жылдын, 19-мартында, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде маалымат жыйын өткөрүлүп, анда Улутстаткомдун Төрагасынын орун басары Кошой Исалиев билдирүү жасады. Ага ылайык, коронавирус инфекциясынын өлкөнүн аймагында катталганына байланыштуу, эл жана турак жай каттоо өнөктүгүн жылдырып, аны 20-апрелден 29-апрелде өткөрүү чечими кабыл алынды. Ал ошондой эле,  буга чейин өлкөдөгү тоолуу аймактарга жетүүнүн кыйынчылыгын эске алып, өкмөттүн токтому менен эл каттоону эки этапта өткөрүү пландалганын, бирок азыркы шартка ылайык бир этапта өтө турганын билдирди.

Мындай чечимди кабыл алууда соңку кырдаалга кабатыр болуп жаткан тургундардын ою да эске  алынды. “Жугуштуу илдеттен өзүн жана үй-бүлөсүн алдын алуу максатында эл каттоого катышуудан баш тарткан жарандардын да пикирин эске алдык. Бир айдын ичинде абал турукташат, деген ойдомун”, - деди К.Исалиев.

Маалымат жыйында Улутстаткомдун өкүлдөрү журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

 

 


Last updating: 19.03.2020, 15:02