Улутстатком 2020-жылы боло турган эл жана турак жай фондун каттоо маселелери боюнча каттоочулар үчүн окутуу семинарынын үчүнчү күнүн өткөзүп атат

Publications: 13.03.2020


Улуттук статистика комитети жана анын аймактык бөлүмдөрү каттоочулар үчүн окутуу семинарынын үчүнчү күнүн өткөзүп атат. Бул топко кирген катышуучулардын эң көп санын (24 миң адамдан ашуун) эске алып, эки этапта окутууну жүргүзүү чечими кабыл алынган. Убактылуу персоналдын биринчи тобу үчүн окутуу үстүбүздөгү жылдын 11 - мартынан 15-мартына чейинки мөөнөттө, ал эми экинчи топ үчүн 16-мартынан 20-мартына чейинки мөөнөттө өткөрүлөт.

Семинарлардын жүрүшүндө каттоочулардын милдеттерин, мобилдик тиркемеде камтылган электрондук суроолордун программаларын, ошондой эле аларды толтуруу тартибин кылдат кароо пландаштырылууда.

Коронавирустан түзүлгөн коркунучтуулугуна байланыштуу Улутстатком каттоочуларды окутуу программасына коронавирустук инфекциядан коргону үчүн негизги коопсуздук чаралары киргизди. Каттоочуларга окутуу жүргүзүлгөн жайларда күн сайын нымдуу жыйноо жана бөлмөнү желдетүү, ошондой эле, дайыма кол жуу, башка адамга көп жагындабоо, мүмкүн болсо медициналык маска менен дем алуу органдарын коргоо жана башка профилактика эрежелерин сактоо сунушталат.

 

 

____________________________________________________________________________________________

Статистикалык каттоолор бөлүмү |   e-mail:rchynybaeva@stat.kg;      |   тел. + 996 (312) 325336

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика ж¼н³нд¼” Мыйзамдын 17-беренеси).

 


Last updating: 13.03.2020, 12:20