Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча БУУ Башкармалыгынын Программалык кеңсеси Улутстаткомго техникалык жардам көрсөттү

Publications: 11.05.2018


Бүгүн 2018-жылдын 11-майында Кыргыз Республикасындагы  Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча Бириккен Улуттар Уюму Башкармалыгынын Программалык кеңсеси Япония өкмөтүнүн колдоосу алдында тыгыз жана жемиштүү кызматташуу үчүн КР  Улуттук статистика комитетине техникалык жардам көрсөттү.

Кызыкдар мамлекеттик органдар менен кызматташууда кылмыштуулук жана гендердик зомбулук боюнча маалыматтарды топтоо жана талдоо системасын жетилтип жакшыртуу тармагында жүргүзүлө турган, УСК иш-аракеттериндеги баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча БУУ Башкармалыгынын кылмыштуулук боюнча статистикада активдүү колдоо көрсөткөндүгүн баса белгилеп айта кетүү керек.  Ушул кызматташуунун алкагында 2015-жылы «Кыргыз Республикасындагы кылмыштуулук жана укук тартиби» аталышы менен улуттук статистикалык жыйнагы даярдалып жана басылып чыккан, анда республиканын тарыхында биринчи жолу  берилген маалыматтар аналитикалык обзорго киргизилген. 2017-жылы БУУ УНП колдоосу алдында Бишкек шаарында кылмыштуулук статистикасын өнүктүрүү маселелери боюнча эл аралык семинар өткөрүлгөн.  Ошондой эле КР Улутсаткомунун кызматкерлери кылмыштуулук жана гендердик зомбулук тармагында статистиканын эл аралык стандарттары боюнча эл аралык семинарларга жана  конференцияларга катышууга мүмкүнчүлүк алышкан.

БУУ УНП, УСК жана кылмыштуулук, гендердик зомбулук жана адамдарды сатуу боюнча статистиканын улуттук системасына тартылган башка мамлекеттик органдарынын биргелешкен кызматташуусу, КРдин улуттук мыйзамдарын жана тийиштүү программаларын аткарууну колдоо максатында, ошондой эле республиканын ички иштер органдарын   реформалоо процессин колдоо алкагында жүргүзүлөт.

 


Last updating: 11.05.2018, 15:39