2020-жылдын IV кварталында жашоо минимуму

Publications: 14.01.2021


2020-жылдын IV кварталында орточо калктын киши башына жашоо минимумунун көлөмү жалпы республика боюнча 5 562,68 сомду түздү жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 12 пайызга өстү. 

  IV кварталда Аймактар боюнча жашоо минимуму

(орто эсеп менен киши башына, айына сом менен)

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы №694 токтому менен бекитилген жашоо минимумунун түзүмүнө ылайык, андагы азык-түлүк товарларынын үлүшү 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар - 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр - 17 пайызды жана салыктар - 2 пайызды түзөт. Азык-түлүк корзинасынын  энергетикалык баалуулугу 2101 ккал түзөт, ал эми анын химиялык курамы 73 грамм белокторду жана 71 грамм майларды камтыйт.

Социалдык-демографиялык топтор боюнча жашоо минимуму

(орточо киши башына, айына сом менен)

 

IV квартал

Өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен

2019

2020

Бардыгы

4 965,70

5 562,68

112,0

Эмгекке жөндөмдүү курактагы калк

5 553,52

6 237,52

112,3

 анын ичинен:

 

 

 

   эркектер

5 669,90

6 380,75

112,5

   аялдар

5 503,18

6 185,69

112,4

Пенсионерлер

4 434,61

4 953,91

111,7

Балдар

4 215,15

4 701,18

111,5

 анын ичинен, жашы:

 

 

 

   0дөн 7ге чейинки

3 751,85

4 171,28

111,2

 7ден 14кө чейинки

4 376,00

4 878,44

111,5

 14төн 17ге чейинки

4 756,10

5 340,24

112,3

 

___________________________________________________________________________________________________

 

Үй чарба статистикасы  бөлүмү 

                

|   e-mail: Y.Kalymbetova@stat.kg;    |  тел. + 996 (312)  324655

 

 

 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 14.01.2021, 13:47