Работники органов государственной статистики отмечают свой профессиональный праздник

Publications: 27.04.2017


1995-жылы 22-мартта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен апрелдин акыркы жекшембиси Статистика кызматкеринин күнү катары аныкталган. Туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын индикаторлоруна сапаттуу мониторинг жүргүзүүдө, социалдык-экономикалык жана демографиялык саясат маселелери боюнча Президенттин, Өкмөттүн чечимдерин, мыйзамдарды, өлкөнү өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык программаларын аткаруунун жүрүшүн маалымааттык-статистикалык камсыздоодо, ошондой эле  республиканын эл аралык милдеттемелерин ишке ашырууда статистика негизги ролду ойнойт.

Статистика тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети камсыздайт. Азыркы мезгилде  анын курамында жети башкармалык жана беш бөлүм бар, аларда 112 мамлекеттик кызматкер эмгектенсе, алардын 90 пайызы-аялдар.

Улутстаткомдун системасында, аймактык жана анын алдындагы мамлекеттик статистика органдарында 650гө жакын мамлекеттик кызматкерлер эмгектенишет.

Өтүп бараткан жылда мамлекеттик статистика органдарынын иш-аракеттеринин негизги багыттары болуп: 2013-2017-жылдарда республиканы туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча Улутстаткомдун иш чаралар планын; Статистикалык иштердин программасын жана 2015-2019-жылдары мамлекеттик статистиканы өнүктүрүү жана өркүндөтүү программасынын иш чараларын; Улутстаткомдун системасында электрондук отчеттуулукту киргизүү боюнча иш чараларды ишке ашырууну; Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарынын мониторингинин системасын түзүүнү аткаруу эсептелет.

 


Last updating: 27.04.2017, 16:37