ТӨМдүн мониторингинин алкагында өткөрүлө турган иш-чараларга тийиштүү маалыматтар менен массалык маалымат каражаттарынын маалымдалышын жогорулатуу маселелери каралды

Publications: 18.12.2019


2019-жылдын 17-декабрында «Парк отелинде» Кыргыз Республикасындагы ПРООНдун жана Кыргызстандын мониторингинин жана баалоосунун Улуттук түйүнүнүн колдоосунун алдында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулган семинар болуп өттү, анда ТӨМдүн индикаторлорунун мониторингинин алкагында мамлекеттик органдар тарабынан өткөрүлгөн иш-чаралар каралды. Семинардын ишинин жүрүшүндө республиканын мамлекеттик органдарынын, эл аралык уюмдардын жана  массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

Улутстаткомдун Төрагасынын биринчи орун басары Николай Чуйков семинардын катышуучуларына маалыматтарды чогултуу жана мониторинги боюнча иштерди жетектөө жана координациялоо боюнча ыйгарым укуктары ага бөлүнгөн жумушчу топтордун ишмердигинин алкагында Улутстатком жумушчу топтордун өкүлдөрүнүн 40 жолугушуусун, бардык кызыкдар тараптардын катышуусу менен эки жыйынтыктоо жолугушуусун өткөргөндүгү, анын жүрүшүндө 17 максат жана 169 маселе жана 232 ТӨМ көрсөткүчтөрү каралгандыгы жана толук талкуулангандыгы тууралуу маалымат берди.

Баяндамачы «Бүгүнкү күндө БУУнун Статистикалык бөлүмү жана Улуу Британиянын Статистикалык комитети менен кызматташууда Улутстатком ТӨМдүн көрсөткүчтөрү боюнча отчеттуулуктун  Улуттук платформасын, ошондой эле эл аралык стандарттарга жана талаптарга туура келе турган метамаалыматтарды иштеп чыгуунун үстүндө иш жүргүзүп жатат. УСК ТӨМдүн глобалдуу көрсөткүчтөрүнүн дезагрегациясы боюнча да терең талдоо жүргүздү, ал 35 көрсөткүч - жынысы боюнча, 23 – жашы боюнча, 34 – географиялык абалы боюнча да дезагрегацияланышы мүмкүн экенин аныктады» деп белгиледи.  

Глобалдуу баалоого ылайык, ТӨМдүн глобалдуу көрсөткүчтөрүн түзүү үчүн республиканын учурдагы статистикалык потенциалы 46% же 95 глобалдуу индикаторлор болуп бааланган. Жеткиликтүү же жеңил жеткиликтүү 95 көрсөткүчтөрдүн ичинен 55  көрсөткүчү Улутстатком тарабынан жана 40 көрсөткүчү министрликтер жана ведомстворлор тарабынан  өндүрүлөт. 

Сапаттуу, ишенимдүү статистикалык маалыматтарды алуу максатында Улутстатком тарабынан мамалекеттик статистикалык отчёттуулуктун формаларын кайра кароо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.  ТӨМдүн дезагрегацияланган көрсөткүчтөрүн алуу үчүн 2020-жылы Эл жана турак жай фондун каттоо боюнча суроо жыйнактарына элдин жашоо шарттары, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын абалы, миграция жана санариптешүүгө байланышкан маселелердин блогу киргизилди.  Мындан тышкары, КРде аялдардын жана балдардын абалы тууралуу Кластердик изилдөөнүн – 2018-жылдагы (MICS-6) кезектеги раундунун алкагында Улутстатком тарабынан  ТӨМдүн 31 көрсөткүчү үчүн маалымат топтоо жүрүзүлдү. 

Мындан ары, Улутстатком жайылтуунун онлайн платформасын -  Улуттук  платформасын куруу боюнча ишти улантат, анда ТӨМдүн глобалдуу көрсөткүчтөрүн да, улуттук  көрсөткүчтөрүн да жайгаштыруу, ошондой эле башка булактардын маалыматтарын жайгаштыруу да каралат.

_________________________________________________________________________________
Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө статистикасы башкармалыгы |e-mail:nazira.kerimalieva@gmail.com;
 

|тел. + 996 (312) 324691
 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Last updating: 19.12.2019, 13:20