2018-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык балансы иштелип чыкты

Publications: 25.12.2019


Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык балансы өлкөдө отунду жана энергияны табуу, өндүрүү, бөлүштүрүү жана пайдалануу түзүмүн мүнөздөөчү экономикалык көрсөткүчтөрдүн жыйындысын билдирет. 2018-жыл үчүн  отун-энергетикалык балансын иштеп чыгуунун натыйжасында алынган маалыматтар өлкөдө отун жана энергиянын бардык түрлөрүнүн  керектөөчү жана  өндүрүштүк түзүмүн  аныктоого, бүтүндөй жана анын айрым тармактарында, ошондой эле маанилүү багыттар боюнча отундун колдонулуу деңгээлин табууга  мүмкүндүк берет.

 

Отун-энергетикалык баланстын  (өзүнүн кайра иштетилген жана кайра түзүлгөн продуктуларын эске алуу менен, шарттуу отун миң тонна) маалыматтары келтирилди. Экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча жана накталай түрдө алгандагы көмүрдүн, мунайдын, жаратылыш газынын, дизелдик отундун, автоунаа бензини, күйүүчү мазуттун, электр энергиясынын, жылуулук энергиясынын  балансы келтирилди.  Кененирээк таанышуу үчүн “Басылмалар” бөлүгүн караңыздар.

 

 

 

Өнөр жай жана энергетика статистикасы бөлүмү | e-mail: a.mamanova@stat.kg |

тел. + 996 (312) 664044

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).


Last updating: 25.12.2019, 14:24