2021-жылдын 9 айында экономиканын реалдуу секторундагы ишканалардын сатууларынын рентабелдүүлүгү өткөн жылдардын деңгээлинен ашты

Publications: 13.12.2021


2021-жылдын январь-сентябрында республиканын ишканаларынын экономикалык ишмердиктин бардык түрлөрү боюнча дүң кирешесинин көлөмүнүн көбөйүшү байкалды. Анын олуттуу өсүүсү соода уюмдарында, тамак-аш азыктарын, анын ичинде суусундуктарды өндүрүү, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, курулуш, башка металл эмес минералдык продуктуларды өндүрүү, пайдалуу кендерди казуу, маалымат жана байланыш, ошондой эле электр энергия жана газ менен камсыздоо (жабдуу) ишканаларында белгиленди.

2021-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча экономиканын реалдуу секторунун ишканалары тарабынан 60 млрд. сом өлчөмүндө пайда менен оң сальдолоштурулган финансылык жыйынтык алынды. 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда сальдолоштурулган пайданын көлөмү 35 эседен көбүрөөк өстү, ал эми операциялык эмес ишмердиктен чыгымдар, тескерисинче, дээрлик 4 эсеге кыскарды, бул карантиндик иш-чаралардын кесепеттерин жоюу, өлкөдөгү ишканалардын экономикалык калыбына келтирүүнүн башталашы жана алардын акырындык менен пандемияга чейинки деңгээлге кайтып келүүсүн көрсөтүп турат.

Январь-сентябрда экономиканын реалдуу секторунун ишканаларынын финансылык көрсөткүчтөрү

  (млрд. сом)

 

2019

2020

2021

Продукцияларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акча (дүң киреше)

319,7

342,8

399,0

Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык (пайдадан чыгым кемитилет)

37,1

1,7

60,1

Операциялык эмес кирешелер (+) жана чыгашалар (-)

-4,5

-47,7

-12,7

Рентабелдүү ишканаларынын үлүшү, %

35

28

32

Чыгашалуу ишканаларынын үлүшү, %

26

25

21

2021-жылдын январь-сентябрында экономиканын реалдуу секторунун рентабелдүү ишканаларынын үлүшү алардын жалпы санынын 32% түздү, ал эми ишканалардын 21% чыгым алышты.

Экономиканын реалдуу секторунун ишканаларынын ишмердигинин финансылык көрсөткүчтөрүнүн жакшыртуусу алардын рентабелдүүлүгүнүн деңгээлинин өсүшүнө алып келди. 2021-жылдын 9 айында сатуулардын рентабелдүүлүгү жалпы экономиканын реалдуу сектору боюнча 2019-жылдын (12%га жакын) жана 2020-жылдын (0,5%) тиешелүү мезгилдеринде жетишилген маанилердин деңгээлинен ашып, 15% түздү.

Мында, финансылык көрсөткүчтөрүнүн жакшыртуусуна карабастан, 2021-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) ишканалары, ошондой эле мейманкана жана ресторан бизнес чөйрөсүндө, мурдагыдай эле сатуулардын рентабелдүүлүгүнүн коэффициентинин терс маанилерин алды. 

Экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча экономиканын реалдуу секторунун ишканаларынын сатууларынын рентабелдүүлүгү*

 (пайыз менен)

 

2019

2020

2021

Бардыгы

11,6

0,5

15,1

Айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык уулоочулук

9,5

13,6

10,9

Пайдалуу кендерди казуу

19,8

-17,2

12,7

Иштетүү  өндүрүшү

10,1

11,2

14,2

Электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо

-3,7

-64,1

-12,4

Cуу  менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу

1,6

-2,1

2,2

Курулуш

4,4

-18,3

8,8

Дүң жана чекене соода; автоунааларды
жана мотоциклдерди оңдоо

27,1

14,6

33,5

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо

15,9

11,4

27,1

Мейманканалар жана ресторандар

0,1

-23,3

-7,8

Маалымат

17,1

17,0

18,0

Байланыш

20,4

15,1

26,8

Финансылык ортомчулук

12,8

19,0

27,8

Кыймылсыз мүлк операциялары

28,2

-3,3

22,8

Кесиптик, илимий жана техникалык ишкердик

-6,8

-125,4

9,5

Административдик жана көмөкчү ишмердик

15,7

6,9

17,3

Билим берүү

5,1

0,4

14,4

Саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык  жактан тейлөө

14,1

10,7

23,0

Искусство, көңүл ачуу жана эс алуу

-4,8

-25,9

4,6

Башка тейлөө ишмердиктери

18,9

3,3

20,2

* Сатуулардын рентабелдүүлүгү отчеттук мезгилде ишкана тарабынан алынган продукцияны (кызмат көрсөтүүнү) сатуудан түшкөн акчага (дүн кирешеге) сальдоштурулган финансылык натыйжанын (пайда, чыгым (-)) катышы катары эсептелет.

Алуу белгиси (-) чыгашалуулукту билдирет.

____________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү  |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;  |тел. + 996 (312)  626073, 625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

2021-жылдын 13-декабры


Last updating: 13.12.2021, 13:19