Ички дүң продукт 5,7 пайызга өстү

Publications: 14.05.2019


2019-жылдын январ-апрелинде ички дүң продуктунун көлөмү алдын ала баалоолор боюнча, 150 миллиард сомго жакынды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,7 пайызга жогорулады.

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2019-жылдын январ-апрелинде, ички дүң продуктунун көлөмү 131 миллиард сомдон ашып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6 пайызга пайызга өстү.

 

Ички дүң продукт
(өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, пайыздарда)

 

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2019-жылдын январ-апрелинде 84 миллиард сомдон ашып, мурунку жылга салыштырмалуу 16,0 пайызга жогорулады. Өнөр жай продукциясынын өсүшү негизги металлдарды өндүрүүнүн (1,4 эсеге) металл рудаларын казып алуунун ( 1,3 эсеге пайызга), көмүрдү өндүрүүнүн (26,4 пайызга), мунайзат жана жаратылыш газынын (16,5 пайызга), текстил жана кийимдерди (21,2 пайызга) өндүрүүнүн өсүшүнүн эсебинен камсыздалды.

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү
(өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, пайыздарда)

Айыл чарбасында реалдуу өсүү 1,8 пайызды, курулушта жана дүң жана чекене соодада өсүү  4,3 пайызданды түзүп, оң тенденциялар байкалган.

2019-жылдын апрелинде мурдагы жылдын декабрына салыштырмалуу, керектөө баалары жана тарифтери республика боюнча жалпысынан 0,4 пайызга төмөндөгөн.

Үстүбүздөгү жылдын январ-апрелинде керектөө бааларынын жана тарифтеринин эң көп жогорулоосу Нарын облусунда (0,6 пайызга) белгиленип, негизинен башка региондорго салыштырмалуу, тамак-аш продуктуларына жана алкоголдук эмес суусундуктарга (1,8 пайызга) жогорулаган. Керектөө бааларына жана тарифтерине эң көп төмөндөөсү Ош шаарында (0,8 пайызга) байкалган.

Республиканын тышкы соода ишмердиги, алдын ала маалыматтар боюнча 2019-жылдын январ-мартында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1,5 миллиард АКШ долларынан ашыкты түзүп, 2018-жылдын январ-мартына салыштырмалуу 3,3 пайызга төмөндөгөн. Ошону менен бирге, импорттук  келип түшүүлөр 8,7 пайызга төмөндөгөн, ал эми экспорттук коюулар 13,7 пайызга жогорулаган.

ЕАЭБке мүчө мамлекеттер менен, 2019-жылдын январ-мартында өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 509,5  миллион АКШ долларын түзүп, 2018-жылдын январ-мартына салыштырмалуу  3,5 пайызга төмөндөгөн. Анын ичинде, экспорт 18,7 пайызга төмөндөгөн, ал эми импорт 1,9 пайызга жогорулаган.

ЕАЭБ мүчө-мамлекеттер менен республиканын соода жүгүртүүсүндө эң чоң үлүштөр Россия менен 61,0  пайызды жана Казахстан менен 37,8  пайызды түзгөн.

 

ЕАЭБ мүчө-мамлекеттери менен Кыргыз Республикасынын өз ара соодасы
(өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, пайыздарда)

              Импорт                                                                                               Экспорт

Мындан тышкары, пресс-конференциянын катышуучуларына 2018-жылдагы коммерциялык банктардын жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдардын ишмердигинин көрсөткүчтөрү жана 2018-жылда Кыргыз Республикасында саламаттыкты сактоонун абалы жөнүндө маалыматтар берилди.

Презентациялар:

****

Кыргыз Республикасынын улуттук маалыматтык-статистикалык тутуму өлкөдөгү маанилүү маалыматтык тутумдардын бири катары базар экономикасынын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык,  кономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө статистикалык байкоо, иштеп чыгуу жана статистикалык маалыматтарды таратуунун жаңы методдоруна негизделген, эл аралык эрежелерге жана стандарттарга ылайыктуу маалыматтар менен камсыз кылат.


Last updating: 14.05.2019, 11:50