2019-жылдын июль айы үчүн жана август айынын биринчи жумасында күйүүчү-майлоочу материалдарга карата чекене баалар

Publications: 09.08.2019


Чекене баалардын күн сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде республиканын 18 калк жашаган пункттарында А-92 бензин жана дизелдик күйүүчү майдын орточо керектөө бааларынын талдоосу жүргүзүлдү.

Ошентип, орточо республикалык баалар 2019-жылдын июлунда 2018-жылдын июлуна салыштырмалуу А-92 бензинине карата баа 4 сомго, же 9,1 пайызга төмөндөдү. Ал эми дизелдик күйүүчү майга, тескерисинче, бир азга (30 тыйынга, же 0,7 пайызга) кымбаттады.

Ушул эле учурда, аймактардын тигил же бул региондорунун рынокторунда  КММ (ГСМ) карата чекене баалардын  дифференциациясы белгиленди. 2019-жылдын июлунда А-92 бензинге карата максималдуу орточо керектөө баалары Исфана шаарында (бир литри – 42,90 сом), Баткен шаарында (бир литр – 42,21 сом) жана Кара-Суу шаарында (бир литри -  41,55 сом ) катталды. Ушул эле учурда, минималдуу чекене баалар Покровка айылында (бир литри - 36,77 сом), Талас шаарында (бир литри – 37,96 сом) жана Токмок шаарында (бир литри - 37,94 сом) белгиленди.

Дизелдик күйүүчү майга карата айтсак, эң жогорку орточо керектөө баалары Кара-Суу шаарында (бир литри - 46,30 сом), Баткен шаарында (бир литри -  46,30 сом) жана Ош шаарында (бир литри – 46,20 сом) катталган. Муну менен катар, дизелдик күйүүчү майга карата минималдуу баалар Покровка айылында (бир литри -  42,70 сом), Талас шаарында (бир литри – 42,06 сом литр) жана Токмок шаарында (бир литри – 42,09 сом) белгиленди.

 Кыргыз Республикасынын айрым калк жашаган пункттарында күйүүчү-майлоочу материалдарга карата орточо керектөө баалары
(бир литри, сом)

 

Бензин А-92

Четтөө:

өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)

Дизелдик  күйүүчү май

Четтөө:

өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)

2018 Июль

2019 Июль

2018

Июль

2019 Июль

Кыргыз Республикасы

43,97

39,98

-3,99

44,59

44,92

0,33

 Каракол ш.

42,65

38,75

-3,90

43,65

43,91

0,26

 Балыкчы ш.

42,81

38,61

-4,20

43,88

43,70

-0,18

 Кербен ш.

44,40

40,79

-3,61

44,40

44,69

0,29

 Токтогул ш.

43,49

39,78

-3,71

43,89

43,27

-0,62

 Жалал-Абад ш.

44,88

40,60

-4,28

43,77

43,93

0,16

 Чаек а., Жумгал району

44,01

39,90

-4,11

45,70

43,90

-1,80

 Нарын ш.

42,63

38,30

-4,33

44,31

43,00

-1,31

  Исфана ш.

46,08

42,90

-3,18

46,37

46,00

-0,07

 Баткен ш.

46,19

42,21

-3,98

46,28

46,30

0,02

  Кара-Суу ш.

45,60

41,55

-4,05

45,44

46,30

0,86

 Ноокат ш.

45,24

40,99

-4,25

45,07

45,87

0,80

  Узген ш.

44,27

41,00

-3,27

44,02

45,50

1,48

  Покровка а., Манасский район

43,30

36,77

-6,53

45,40

42,70

-2,70

 Талас ш.

42,50

37,96

-4,54

43,21

42,06

-1,15

  Кара-Балта ш.

43,39

38,99

-4,40

44,01

43,32

-0,69

  Токмок ш.

42,92

37,94

-4,98

43,68

42,09

-1,59

  Бишкек ш.

43,69

39,83

-3,86

44,70

45,24

0,54

  Ош ш.

45,45

41,53

-3,92

45,26

46,20

0,94

 

Август айынын биринчи жумасында А-92 бензинине карата баалардын эң жогорку деңгээли Исфана шаарында (бир литри - 42,90 сом), дизелдик күйүүчү майдын - Кара-Суу шаарында - (бир литри – 46,30 сом) белгиленгендигин белгилей кетүү керек. Муну менен бирге, А-92 бензинине карата баалардын минималдуу деңгээли Покровка айылында (бир литри - 36,80 сом), ал эми  дизелдик күйүүчү майдын Талас шаарында (бир литри - 41,92 сом) белгиленди.

2018-2019-жылдардагы августун биринчи жумасында айрым калк жашаган пункттарында бензин А-92 жана дизель майынын максималдуу жана минималдуу орточо баалары
(литр үчүн сом менен)


 

___________________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү                   |e-mail: ceny@stat.kg;           |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө ” Мыйзамдын 17-беренеси).


Last updating: 09.08.2019, 18:50