2019-жылы Кыргыз Республикасындагы рыноктук кызмат көрсөтүүлөр

Publications: 12.03.2020


2019-жылы республиканын чарба жүргүзүүчү субъекттери (юридикалык ​​жана жеке жактар) тарабынан алдын ала маалыматтар боюнча 766 млрд.сом суммасында рыноктук кызмат көрсөтүү көрсөтүлдү, бул  2018-жылга салыштырмалуу 5 пайызга көбүрөөк.

Кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнүн көбөйүшү республиканын бардык аймактарында байкалды, бирок эн олуттуусу Бишкек ш. – 6,0 пайызга, Жалал-Абад облусунда - 5,2 пайызга, Талас облусунда – 4,1 пайызга жана Нарын облусунда – 4,0 пайызга.

Кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы көлөмүндөгү 52 пайыздан ашыгы Бишкек ш. чарба жүргүзүүчү субъекттери тарабынан көрсөтүүлүчү кызмат көрсөтүүлөргө туура келди. 2019-жылы алар тарабынан 400 млрд. жакын суммада кызмат көрсөтүлдү, алардын 70 пайыздан ашыгын автоунааларды ондоо жана алардын тетиктери, чекене жана дүң соода жүгүртүүсү түздү. 2018-жылга салыштырмалуу ушундай кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 6 пайызга көбөйдү.

2019-жылы ички дүң продуктунун түзүмүндө рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн үлүшү алдын ала маалыматтар боюнча 33 пайызга жакынды түздү.

Рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү

(млрд. сом)

                              

Керектөө рыногу, МКТ жана туризм статистикасы бөлүмү |e-mail:vmambetalieva@stat.kg |

тел. + 996 (312) 324725

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарында, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).

 


Last updating: 12.03.2020, 15:48