Жылдын башынан тарта экономикалык өсүштүн эң жогорку деңгээли белгиленди

Publications: 13.08.2019


Ички дүң продукт 2019-жылдын январь-июлунда, алдын ала баалоо боюнча, 284 миллиарддан ашык сомду түздү жана 2018-жылдын январь-июлуна салыштырганда 6,9 пайызга көбөйдү.

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын кошпогондо, 2019-жылдын январь-июлунда ИДПнын көлөмү 252 миллиардга жакын сомду түздү жана 3,1 пайызга өстү.

Ички дүң продукт
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда пайыз менен)

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 150 миллиарддан ашык сомду түздү жана 2018-жылдын январь-июлуна салыштырганда 19,5 пайызга көбөйдү, бул  металл рудаларын казуу (2 эсеге), негизги металл өндүрүшү (49,5 пайызга), текстиль өндүрүшү (29,8 пайызга), чийки мунайзат жана жаратылыш газын (14,9 пайызга), ошондой эле көмүр өндүрүшүнүн (14,5 пайызга) өскөндүгүнүн эсебинен болду.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда пайыз менен)

Айыл чарбасында оң тенденцияр катталды, анда көлөмдөрдүн өсүшү 1,9 пайызды, курулушта - 6,9 пайыз, дүң жана чекене соода – 4,7 пайызды түздү.

Үстүбүздөгү жылдын башынан бери (өткөн жылдын декабрына салыштырганда), керектөө баалары жана тарифтери жалпы республика боюнча 0,3 пайызга өстү.  

Үстүбүздөгү жылдын башынан бери (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин, Ош шаарынан башка, республиканын бардык региондорунда өскөнү байкалды, ал эми Ош шаарында баалардын 1,3 пайызга төмөндөгөнү катталган. Тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга карата баалардын максималдуу өсүшү Ысык-Көл облусунда (4,9 пайызга), ал эми аларга карата баалардын олуттуу төмөндөгөнү Ош шаарында (4,3 пайызга) белгиленди.  

Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жүгүртүүсү, алдын ала маалыматтар боюнча, 2019-жылдын январь-июнунда 3,2 млрд. АКШ долларын түздү жана 2018-жылдын январь-июнуна салыштырганда 7,8 пайызга төмөндөдү, ушул эле учурда экспорттук жөнөтүүлөр 4,2 пайызга көбөйдү, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче,  11,6 пайызга кыскарды.

 Республиканын ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү 2019-ж. январь-июнунда 1,2 млрд. АКШ долларын түздү жана 2018-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 11,7 пайызга төмөндөдү.  Ушул эле учурда, экспорттук жөнөтүүлөрдүн 27,7 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 6,1 пайызга кыскарганы белгиленди.

Республиканын ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери менен өз ара соодасынын эң жогорку үлүшү Россияга (59,6 пайызы) жана Казакстанга (38,2 пайызы) туура келди.

КыргызРеспубликанын ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери менен өз ара соодасы
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда пайыз менен)

Импорт                                                                                                    Экспорт

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Республикасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын  заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат.

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).

 

Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн кайрылсаңыздар болот:

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747

e-mail: smi_nsc@stat.kg,

Дареги: Фрунзе көч., 374 (Т. Молдо көч. кесилиши).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg   

Facebook

тел.625747


Last updating: 27.08.2019, 11:12