Республикада 2018-жылдагы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануунун абалы

Publications: 29.11.2019


Улуттук статистика комитети менчик формаларына жана экономикалык ишкердиктин түрүнө карабастан бардык уюмдардын жана ишканалардын өндүрүү ишмердигинде маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын пайдалануусуна жыл сайын статистикалык байкоолорду жүргүзүп турат.

2018-жылы республикада 19 миңден ашык чарбалык субъекттер (ишканалар, уюмдар жана мекемелер) изилденди, алардын ичинен 12 миңден ашыгы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануучулар, байкоо көргөзгөндөй МКТны пайдаланган ишканалардын жана уюмдардын эң чоң салыштырма салмагы Бишкек шаарына (36 пайызга жакыны), эң азы – Талас облусуна (4 пайызга жакыны) туура келет.

Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө түздөн-түз иштеген ишканалардын жана уюмдардын адистеринин саны 18 миңден ашык адамды түзуп, 2014-жылга салыштырмалуу 18 пайызга жакын өстү.

2018-жылдын 1-январына карата ишканаларда жана уюмдарда болгон жеке компьютерлердин саны 203 миңден ашты, алардын ичинен көбүрөөгү Бишкек шаарында ( 53 пайызга жакын), Джалал-Абад областында (9 пайыз), Чүй областында жана Ош шаарында (8 пайызы).

Интернет тарамына кирүү түйүнүнүн 51 пайыздан ашыгы мамлекеттик менчик формасындагы чарба субъекттерине туура келет

2018-жылы ишканаларда жана уюмдарда маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын негизги көрсөткүчтөрү

 

  Бардыгы

 

анын ичинде

шаар

жерлери

анын ичинен

Бишкек ш.

айыл

жергеси

  Жергиликтүү эсептөөчу тарамдар

8 290

7 278

4 514

1 012

  Электрондук почта

6 833

4 978

2 818

1 855

  Интернет желесине кирүү түйүнү

24 263

19 342

12 490

4 921

 анын ичинде ADSL,

  бөлунгөн чубалгы боюнча

7 144

4 680

2 300

2 464

   Менчик WEB-сайттар

1 922

1 703

1 260

212

 анын ичинде:

  On- Line кызмат көрсотүүлөру

987

936

713

51

  Кыргыз тилиндеги WEB-сайттар

472

431

289

41

 

2018-жылы республикада болгон локалдык-эсептөө түйүнүнүн жарымынан көбү мамлекеттик менчик формасындагы чарбалык субъекттери тарабынан иштетилген.

Менчик Web-сайттардын 90 пайызга жакыны шаар жерлеринде жайгашкан чарбалык субьекттеринде иштешкен, алардын эң көп бөлүгү Бишкек шаарында (68 пайызга жакыны). Менчик Web-сайттардын жарымынан көбүрөөгү On-Line кызматтарын көрсөтүшөт.

2018-жылы кыргыз тилиндеги контенти менен Web-сайттар алардын жалпы санында 25 пайызды түздү, ал эми 2014-жылга салыштырмалуу дээрлик өзгөргөн жок.

Кыргыз тилиндеги контенти бар Web-сайттардын аймактар боюнча саны

(бирдик)

 _______________________________________________________________________________________________________

 Соода, МКТ жана туризм статистикасы башкармалыгы | e-mail: ltekeeva@stat.kg| тел. + 996 (312) 324650

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренеси).


Last updating: 29.11.2019, 17:44