Социалдык коргоо жана профсоюз: цифралар жана фактылар

Publications: 19.10.2021


19-октябрда Кыргызстанда салт боюнча Социалдык коргоо кызматкерлеринин жана профсоюздарынын күнү белгиленет, бул үчүн Улутстатком ишмердүүлүктүн бул тармагын мүнөздөгөн көрсөткүчтөргө кыскача сереп даярдады.

2020-жылы Социалдык фонддун чыгымдары (республикалык бюджеттен түшүүлөрдү кошуп алганда) 2016-жылга салыштырганда 1,3 эсеге көбөйгөн. Алардын негизги көлөмү пенсияларды төлөөгө багытталган, ал эми алардын үлүшү 2020-жылы Социалдык фонддун жалпы чыгымдарынын дээрлик 86 пайызын түздү.

Социалдык фонддун чыгымдары
(млн. сом)

 

2016

2017

2018

2019

2020

  Чыгымдар - бардыгы

42 312,3

46 462,6

50 309,7

53 506,3

56 635,9

анын ичинен пенсияга

35 613,7

39 125,4

42 689,6

45 625,8

48 642,8

Акыркы беш жылда мамлекеттик бюджеттен социалдык жактан коргоого анын ичинде Социалдык фондго бөлүнгөн каражаттарга карата чыгымдардын үлүшүнө орточо эсеп менен алганда анын бардык чыгашаларынын 16дан 20 пайызга чейин туура келген, ошол эле учурда бул беренеге жөнөтүлүүчү каражаттардын көлөмү жыл сайын көбөйгөн. 2020-жылы социалдык коргоого жумшалуучу каражаттардын көлөмү 2016-жылга салыштырганда 1,4 эсеге көбөйгөн жана 34 млрд. ашык сомду түзгөн.

Мамлекеттик бюджеттен социалдык коргоого болгон чыгымдар

 

2016

2017

2018

2019

2020

Чыгымдар1 - бардыгы

 

 

 

 

 

     млн. сом

25 009,6

26 922,4

30 374,4

32 763,6

34 376,5

     ИДПга карата пайыз менен

5,3

5,1

5,3

5,3

5,7

     жалпы чыгымдарга карата пайыз      менен

16,5

16,2

19,2

19,5

20,0

12001-жылдын мамлекеттик каржы статистикасы боюнча ЭВФнын жетекчилигине ылайык, финансылык эмес активдерди сатып алуу чыгымдарын кошкондо.

2020 -жылдын аягында мамлекеттик жөлөк пул алуучулардын саны 436 миңге жакын адамды түздү. Ошол эле учурда 105,8 миң үй-бүлө, же 340,5 миң адам, аз камсыз болгон, балдары бар үй-бүлөлөргө ай сайын жөлөкпул алуучулар, ал эми 95,4 миң адам социалдык жөлөкпул алуучулар болуп саналат.

Беш жылдык мезгилдин ичинде (2016-жылдан 2020-жылга чейин) социалдык жөлөкпулдун өлчөмү жана аз камсыз болгондор үчүн ай сайын берилүүчү бирдиктүү жөлөкпулдун өлчөмү 1,3 эсеге көбөйүп, 2020-жылдын аягында бир алуучуга 868,6 сомду түздү.

2020-жылдын аягына карата пенсия алуучулардын саны, Социалдык фонддун, башка министерликтердин жана ведомстволордун пенсиялык органдарында каттоодо  тургандар, 736 миң адамды түзгдү. Беш жылдын ичинде дайындалган айлык пенсиялардын орточо өлчөмү 2016-жылы 5 235 сомдон, ал эми 2020-жылы 6 102 сомго чейин көбөйдү.

Графикте көрсөткөндөй КМШ өлкөлөрүнүн арасында эмгек пенсиясынын эң көп өлчөмү Россияда (257 доллары) жана Казакстанда (214 доллары), ал эми эң аз – Тажикстанда (33 доллары) жана Өзбекстанда (76 доллары) белгиленди.

2019-жылдагы КМШ1 өлкөлөрүндөгү жаш курагы боюнча эмгек пенсиясынын өлчөмү
(АКШ доллары менен)

1Улуттук статистика кызматтарынын маалыматы боюнча.

Статистикалык бирдиктердин Бирдиктүү мамлекеттик регистринин (СББМР) маалыматтары боюнча 2020-ж. аягына карата Кыргыз Республикасынын аймактарында 795 профсоюздук уюмдар катталган, алардын саны 2016-жылга салыштырмалуу 10,4 пайызыга көбөйгөн. Ошол эле учурда, 2020 -жылы 418 профсоюз уюму отчет берген, же катталгандардын жалпы санынын 53 пайызын түздү.  Аларда иштеген жумушчулардын жылдык орточо саны 1,6 миң адамды түздү, профсоюз мүчөлөрүнүн саны 840 миң адамга жетти

2020-жылы профсоюз уюмдарында 551 млн.сом көлөмүндө финансылык ресурстары болду, алардын негизги көлөмү 93 пайызы  мүчөлүк төлөмдөр түрүндө келип түштү.

_______________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru, тел.+996(312) 664042

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 19.10.2021, 14:11