Covid-19 пандемиясынын социалдык-экономикалык соккулары кыргыз республикасындагы тургундардын азык-түлүк коопсуздугуна жана туура тамактануусуна олуттуу коркунуч жаратты

Publications: 12.11.2021


COVID-19 пандемиясы калктын кедей катмарынын, өзгөчө шаар тургундарына азык - түлүк коопсуздугуна жана туура тамактануусуна  олуттуу коркунучтарды жаратты. Бул жөнүндө БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын эксперттеринин Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети менен биргеликте жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн баяндамасы күбөлөндүрөт.

COVID-19 контекстиндеги кедейчилик, азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча анализ жана Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоонун ролу пандемияга чейинки жана андан кийинки маалыматка таянып иштелип чыккан. Салыштыруулар, калктын кирешелеринин төмөндөшү азык-түлүккө болгон суроо-талапты гана азайтпастан, тургундар көп түрдүү тамак-аш сатып албай калганын, башкача айтканда үй-бүлөлөр жашылча-жемиш, мал азыктары сыяктуу витаминге бай азыктарды эмес, нан жана кумшекер сыяктуу калориялуу азыктарга басым жасап калышканын көрсөтөт.

Пандемиянын кесепетинен келип чыккан терең экономикалык кризис Кыргыз Республикасындагы жаңы кедейлердин жана жумушсуз калган кишилердин санын көбөйттү. Бул көйгөйдү чечүү үчүн үй-бүлөлөр ар түрдүү стратегияларды колдонду. Бул стратегиялар калктын жетиштүү тамактануу, саламаттык жана иштөө жөндөмүнө кедергисин тийгизди. Андан тышкары, мындай абалды өзгөртүү келечекте оор болгондуктан, кедейчилик менен аярлуулук улана берүү коркунучу пайда болду.

«Активдерди сатуу, азык-түлүк эмес чыгымдарды кыскартуу, мүлк сатуу жана гуманитардык жардам суроо сыяктуу «кризистик» жана «чукул кырдаал» стратегияларга кайрылган үй-бүлөлөрдүн саны 2020-жылы 2021-жылга салыштырганда, 12 пайыздан 36 пайызга жогорулады. Бул үй-бүлөлөрдун келечектеги соккуларга туруштук беришинин төмөндөшүнө, азыркы жана келечектеги иштөө жөндөмүнө жана турмуш-тиричилигине коркунуч жаратат»- деп белгиленет баяндамада.

Калктын мүмкүн болуучу соккуларга туруктуулугун жогорулатуу үчүн киреше алып келүүчү иш-чараларга, жакырчылыкты кыскартуу программаларына, социалдык коргоо жана тамак-аш системаларынын секторлор аралык байланыштарын чыңдоого басым жасоо; калктын сергек жана ар түрдүү тамактануусун жайылтуу; эч ким колдоосуз калбашы үчүн социалдык жөлөк пул структурасын чыңдоо сунушталат.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы 2020-жылдын дүйнөлүк Нобель сыйлыгынын ээси. Бул өзгөчө кырдаалдарда өмүрлөрдү сактап, чыр-чатактардан, табигый кырсыктардан жана климаттын өзгөрүүлөрдөн буттарына туруп келе жаткан адамдарга туруктуу келечек курууга жардам берген дүйнөдөгү ири гуманитардык уюм.

Ссылка: http://www.stat.kg/media/files/532d2907-07e7-474d-96e9-64c1a211e955.pdf

___________________________________________

Үй чарба статистикасы бөлүмү |   e-mail:y.kalymbetova@stat.kg;    |  тел. + 996 (312)  324655

БУУ ДАП коммуникациялар боюнча адиси |  тел. + 996 (312)  660033 (доб. 2600), 0550 577 597 (моб)

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү  метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 12.11.2021, 17:37