Улутстаткомго сылыктык сапары менен БУУнун калкты жайгаштыруу Фондунун Кыргызстандагы жана Түркмөнстандагы өлкөлүк директору Ронни Линдстром мырза болду

Publications: 17.08.2022


2022-жылдын 17-августунда Улуттук статистика комитетине БУУнун калкты жайгаштыруу боюнча Кыргызстандагы жана Түркмөнстандагы өлкөлүк директору Ронни Линдстром Улутстаткомго сылыктык сапары менен келди.

Жолугушуу учурунда Улутстаткомдун Төрагасы Бактыбек Кудайбергенов БУУнун калк жайгаштыруу боюнча Кыргызстандагы Фондуна улуттук статистиканы өнүктүрүүгө багытталган көп жылдык кызматташтыгы үчүн, 2022-жылы Кыргыз Республикасынын эл жана турак жай фондун каттоону даярдоодо жана өткөрүүдө мамлекеттик масштабдагы иш-чаралардын бири катары мыкты командалык иши үчүн, ошондой эле Улутстаткомдун көптөгөн демилгелерин колдогондугу үчүн өз ыраазычылыгын билдирди.

Кызматташтык учурунда БУУнун калкты жайгаштыруу менен биргеликте статистиканын потенциалын арттыруу, маалыматтарды өндүрүүнү жана жайылтууну жакшыртуу боюнча чоң иштер жасалгандыгы белгиленди. Улутстаткомдун төрагасы Азамат Баялиновго жемиштүү кызматташуусу үчүн ыраазычылыгын билдирип, ошол эле учурда ага чыгармачылык ийгиликтерди, бакубатчылыкты  каалап, Улутстаткомдун "ыраазычылык катын"тапшырды.

Ронни Линдстром Улутстаткомдун жетекчилигин статистиканы өнүктүрүү үчүн, анын ичинде эксперттик, техникалык, методологиялык жана каржылык жактан колдоо көрсөтөөрүн билдирди.

            

             

             

             

             


Last updating: 18.08.2022, 09:01