2020-жылдын январь-сентябрында калкка микрокредиттерди берүү рыногунун абалы

Publications: 17.11.2020


Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 23,4 млрд. сом суммасында кредиттер берилди, муну менен бирге, алуучулардын саны деээрлик 545 миң адамды түздү. Микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 18,5 пайызга, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү – 6,4 пайызга көбөйдү.

Январь-сентябрда калкка микрокредиттердин берилиши

Микрокредиттердин эң көп көлөмү Ош (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 22,3 пайызы) жана Жалал-Абад (15,7 пайызы) облустарынын, Бишкек ш. (14,8 пайызы), ошондой эле Чүй облусунун (13,1 пайызы) алуучуларына берилди.

Январь-сентябрда аймактар боюнча калкка микрокредиттердин берилиши

 

Берилген микрокредиттердин көлөмү,

миллион сом

Алуучулардын саны,

миң адам

2019

2020

2020-ж. 2019-ж. карата пайыз менен

2019

2020

2020-ж. 2019-ж. карата пайыз менен

 

Баткен облусу

1 451,2

1 949,3

134,3

42,9

58,0

135,2

Жалал-Абад облусу

3 094,6

3 687,1

119,1

82,5

99,6

120,8

Ысык-Көл облусу

2 435,0

2 475,1

101,6

50,0

55,5

111,0

Нарын облусу

1 590,9

1 716,9

107,9

35,5

38,3

107,7

Ош облусу

4 620,9

5 221,6

113,0

106,1

140,4

132,3

Талас облусу

651,7

800,2

122,8

17,2

19,9

115,4

Чүй облусу

3 050,2

3 073,8

100,8

54,4

56,3

103,5

Бишкек ш.

4 196,3

3 470,0

82,7

54,6

55,6

101,7

Ош ш.

911,9

1 016,5

111,5

16,5

21,4

129,2

 
2020-жылдын 9 айында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 33,5 пайызы - айыл чарба ишмердиктерин өнүктүрүүгө, 27,0 пайызы - керектөөчүлүк муктаждыктарга, 10,4 пайызы - соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө багытталды.

Январь-сентябрда калкка микрокредиттердин максаттар боюнча берилиши  

  (микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)

2020-жылдын январь-сентябрында микрокредиттерди кайтаруунун деңгээли өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 0,4 пайыздык пунктка азайуу менен 93,1 пайызды түздү.  

 

_______________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү    |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312)  626073, 625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 18.11.2020, 10:16