Республикада мунай заттарга болгон суроо-талап импорттук келип түшүүлөрдүн эсебинен толтурулат

Publications: 27.12.2021


2020-жылы республиканын ички рыногунда отун-энергетикалык ресурстардын (ОЭР) жалпы көлөмүнөн 13,1 млн. тонна шарттуу отун сарпталды.

2020-жылы көмүр өндүрүүнүн көлөмү 2,7 млн. тоннаны түздү, бул мурунку жылга салыштырмалуу 3% көп, ал эми 2016-жылга салыштырмалуу 45% көп. Негизинен алганда, көмүр ички рынокто колдонулат, ал эми керектөөнүн жалпы көлөмүндөгү анын үлүшү 43% түздү.

Республикада мунай заттарга болгон суроо-талап импорттук келип түшүүлөрдүн эсебинен толтурулат.

Мунай заттарына болгон суроо-талап негизинен импорттук келип түшүүлөрдүн эсебинен толтурулат.

2020-жылы 58 миң тонна дизелдик күйүүчү май өндүрүлдү, бул мурунку жылга салыштырмалуу 30% аз, ал эми 2016-жылга салыштырмалуу 46% аз. Муну менен катар, анын импорт боюнча келип түшүүсү 2016-жылга салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү жана 533 миң тоннаны түздү.

Автоунаа бензини 13 миң тонна өндүрүлдү, бул мурунку жылга салыштырмалуу 87% аз, ал эми 2016-жылга салыштырмалуу – 92% аз. Өткөн жылга салыштырмалуу анын импорттук келип түшүүлөрү 14%, ал эми 2016-жылга салыштырмалуу – 3% көбөйдү.

2020-жылы 84 миң тонна күйүүчү мазут өндүрүлдү, бул 2016-жылга салыштырмалуу 13% көп, ал эми мурдагы жылга салыштырмалуу, тескерисинче, 27% аз. Күйүүчү мазуттун импорттук келип түшүүлөрү 2016-жылга салыштырмалуу 2 эсеге, ал эми мурунку жылга салыштырмалуу 31% көбөйдү.

2020-жылы отун катары түздөн-түз жалпы керектөөгө дизелдик отундун жалпы керектөөсүнүн 83% жакыны, автоунаа бензини - 87% жакыны жана күйүүчү мазут - 13% ашыгы чыгымдалды.

Авиациялык керосинге болгон республиканын муктаждыгы толугу менен импорттук келип түшүүлөрдүн эсебинен канааттандырылат.

2020-жылы  239 миң тоннадан ашыгыраак, же жалпы нефть ресурстардын  көлөмүнүн 98% чийки мунайзат өндүрүлдү. Нефть ресурстарынын жалпы көлөмүнүн ичинен өндүрүүгө жана күйүүчү эмес муктаждыктарга материал катары 178 миң тонна мунайзат же  ресурстардын жалпы көлөмүнүн 73% жакыны керектелди.

2020-жылы жаратылыш газынын ресурстарынын 88% Россиядан келген импорттун эсебинен камсыздалды. 2016-жылга салыштырганда аны өндүрүү 6,5 млн. куб. метрге же 23% кыскарды жана 22,4 млн. куб метрди түздү. Күйүүчү май катары түздөн түз керектөөгө күйүүчү отун катары 225,2 млн. куб метр же 66% ашык газ, энергиянын башка түрлөрүнө айлантууга - 89,4 млн. куб. метр же 26% ашык газ сарпталды жана жоготуулар 8% жакынды түздү.

2020-жылы 15,8 млрд. кВт/саат электрэнергиясы өндүрүлдү, анын ичинен 81% жакыны ички рынокто керектелди. Өткөн жылга салыштырмалуу электрэнергия өндүрүүнүн көлөмү 2%, ал эми 2016-жылга салыштырмалуу – 17% көбөйдү. 2020-жылы электрэнергиясын жоготуулар жалпы ресурстардын көлөмүнүн 17% ашыгын (2016-жылы - 20% жакынын) түздү.   

Жылуулук энергиясын өндүрүүнүн көлөмү 2020-жылы 3,1 млн. гигакалорийди түзүп, бул мурунку жылга салыштырмалуу 8%, ал эми 2016-жылга салыштырмалуу 7% көп. Жылуулук энергиясынын бардык көлөмү республиканын ички рыногуна берилет. Муну менен бирге, 2020-жылы анын жоготуусу 2016-жылга салыштырмалуу 20% төмөндөдү жана 159,4 миң гигакалорийди түздү. 

____________________________________________________________________________________________

Өнөр жай жана энергетика статистикасы бөлүмү | e-mail: a.mamanova@stat.kg | тел. + 996 (312) 664044

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 27.12.2021, 14:59