Мыйзам бузган аялдардын арасында бейбаштык, эркектер арасында уурулук эң көп кездешет

Publications: 03.12.2021


Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча, 2020-жылы кылмыш жана жорук жасаган 24 миңден ашык адам аныкталган, бул 2019-жылга салыштырмалуу 20 пайызга көп. Акыркы беш жыл ичинде аялдар арасында да, эркектер арасында да кылмыштардын жана жоруктардын эң көп саны 2020-жылы болгон, бул негизинен 2020-жылы COVID-19 пандемиясынын учурунда чектөөлөрдүн киргизилиши менен шартталды.

Кылмыш жана жоруктар жасаган аялдардын жана эркектер саны

(адам)

Кылмыштарды жана жоруктарды жасагандардын жалпы санынын 17 пайыздан ашыгы аялдарга жана 83 пайызга жакыны эркектерге туура келди.

2020-жылы кылмыштардын жана жоруктардын эң көп саны 29 жаш жана андан улуу курактагы топтогу адамдар тарабынан жасалган, бул жалпы кылмыш жана жорук жасап кармалгандардын үлүшүнө 68 пайыздан ашык туура келет, андан кийинки 18-24 жаштагылар - 15 пайыздан ашыгы, 25-28 жаштагылардын үлүшүнө 12 пайыздан ашыгы туура келди, ал эми 14-17 жаш курактагы топтун үлүшүнө 4 пайыздан ашыгы кылмыш жана жорук жасагандар түздү.

2020-жылы жынысы жана жаш курактык топтору боюнча кылмыш жана жорук жасаган аялдардын жана эркектердин саны

 (жыйынтыкка карата пайыз менен)

Кылмыштуулуктун эң көп таркалышы аялдар арасында бейбаштык (мыйзам бузган аялдардын жалпы санынын 26 пайызы), уурулук (20 пайыз) жана алдамчылык (13 пайызга жакыны) болуп саналат. Эркектерди алсак, алар уурулук (мыйзам бузган эркектердин жалпы санынын 23 пайызга жакыны) жана бейбаштык (16 пайыз) менен көбүрөөк кылмыш кылышат.

2020-жылы кылмыштын айрым түрлөрү боюнча кылмыш жана жорук жасаган аялдардын жана эркектердин саны

(жыйынтыкка карата пайыз менен)

 

_________________________________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси)


Last updating: 03.12.2021, 15:50