Көмүрдүн орточо чекене баалардын төмөндөшү уланууда. 2020-жылдын 6-февралына карата абалы боюнча кыскача обзор

Publications: 07.02.2020


Чекене баалардын жума сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде республиканын 18 калк жашоочу пункттарында көмүрдүн (импорттук жана жергиликтүү өндүрүштүн)  орточо керектөө бааларынын талдоосу жүргүзүлдү.

Маалымат үчүн: Керектөөчү (чекене) баа - алар соода ишканаларында, рыноктордо же кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндө, ошондой эле көчүп жүрүүчү соода түйүндөрүндө (киоск, чатыр ж.б.) элге чекене сатылуучу товардын же кызмат көрсөтүүнүн иш жүзүндөгү баасы. Керектөөчү баа - керектөөнүн акыркы баасы болуп саналат жана ал өзүнө кошумча нарк салыгын (КНС), акцизди, сатуудан алынган сатыкты жана башка кыйыр салыктарды, ошондой эле товарларды өткөрүүчү тордун уюмдарынын чыгымдарын камтыйт.

2020-жылдын 6-февралына карата көмүрдүн орточо чекене баалары үстүбүздөгү жылдын январь айына салыштырмалуу республика боюнча орточо алганда 102,30 сомго же 2,3 пайызга төмөндөдү.

2020-жылдын 6-февралына карата көмүрдүн эң жогорку орточо баалары  Ноокатта  (бир тонна үчүн – 7 500,08 сом), Баткенде  (бир тонна үчүн - 7 140,04 сом), Исфанада (бир тонна үчүн – 6 493,07 сом) жана Кара-Суу (бир тонна үчүн – 6 245,00 сом) шаарларында катталды.

Муну менен бирге көмүргө карата баалардын эң жогорку өсүшү Талас шаарында – тоннасы  527,86 сомго же 11,8 пайызга, Өзгөн шаарында – тоннасы 281,81 сомго же 5,7 пайызга жана Токмок шаарында – 235,07 сомго же 6,3 пайызга  белгиленди. Ошону менен бирге көмүрдүн баалары көбүрөөк Жалал-Абад шаарында бир тонна үчүн 489,89 сомго же 9,5 пайызга жана Покровка айылында бир тонна учүн 300,00 сомго же 6,7 пайызга  төмөндөгөнү байкалды 

Ушул эле учурда айрым калктуу конуштарда анын баасы өзгөргөн жок жана мурдагы денгээлде калды. 

Таблица: Кыргыз Республикасынын айрым калк жашоочу пункттарында көмүрдүн  орточо керектөөчү баалары

(бир тонна, сом)

 

 

2020-ж.

январына

 

2020-ж.

6 - февралына

Четтөө:

өсүүсү (+),

төмөндөөсү (-)

 

Кыргыз Республикасы

4 498,69

4 396,39

-102,30

 Каракол ш.

5 460,94

5 431,89

-29,05

 Балыкчы ш.

3 694,59

3 694,59

0,00

 Кербен ш.

4 647,58

4 647,58

0,00

Токтогул ш.

4 500,00

4 562,49

62,49

 Жалал- Абад ш.

5 129,93

4 640,04

-489,89

 Чаек а., Жумгал району

2 500,00

2 500,00

0,00

 Нарын ш.

3 500,00

3 500,00

0,00

 Исфана ш.

6 471,09

6 493,07

21,98

 Баткен ш.

7 285,79

7 140,04

-145,76

 Кара-Суу ш.

6 245,00

6 245,00

0,00

 Ноокат ш.

7 429,74

7 500,08

70,33

 Өзгөн ш.

4 908,33

5 190,14

281,81

 Покровка а., Манас району

4 500,00

4 200,00

-300,00

 Талас ш.

4 472,14

5 000,00

527,86

 Кара-Балта ш.

3 900,00

3 900,00

0,00

 Токмок ш.

3 749,67

3 984,73

235,07

 Бишкек ш.

3 926,79

3 860,74

-66,05

 Ош ш.

6 098,34

6 000,00

-98,34

 

Баадагы факторлордон тышкары, товар-өкүлдөрдүн ассортиментинин өзгөрүүсү, ошондой эле соода    точкаларынын алмашуусу орточо баанын деңгээлине таасирин тийгизет. 

 

Кыска маалымат: Бааларды каттоонун эң негизги методологиялык принциптеринин бири-баалардын үзгүлтүксүз жана таза өзгөрүүлөрүн сактоо болуп саналат. Баалардын өзгөрүшүнө жүргүзүлгөн байкоо, чекене бааларды, товарды же  кызмат көрсөтүүлөрдү бирдей мезгилде бирдей сапатта каттоону, сатууну жана акы төлөөнү бирдей шарттарда ишке ашырууну, сандын бирдей бирдиктерин карайт. Байкоого мекенде өндүрүлгөн жана импорттук көмүр, басымдуу түрдө Казакстандан алынып келген көмүр алынат.Бааларды каттоо, соода ишканаларына жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнө каттоочулар жеке өздөрү ошол жерлерге барып, бааларды каттоону смартфонду колдонуу менен жүргүзүшөт. Ошол эле учурда сатуу точкаларында товарлардын сунушталган баалары эмес, алардын иш жүзүндө сатылган баалары катталат. Ошондой эле рыноктор үчүн соода абдан кызуу жүрүп жаткан убакыттын ичинде бааларды каттоо маанилүү болуп саналат.

 

_____________________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү         |e-mail: ceny@stat.kg;           |тел. + 996 (312)  625825; 324705

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).

 


Last updating: 07.02.2020, 14:56