Үстүбүздөгү жылдын январь-июнундагы ички дүӊ продуктунун түзүмү. Кыскача талдоо

Publications: 13.07.2020


Ички дүң продукт (ИДП) 2020-жылдын январь-июнунда алдын-ала баалоо боюнча өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 5,3 пайызга төмөндөө менен 228,3 млрд. сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү, өткөн жылдын январь-июнунун деңгээлинен 6,9 пайызга төмөндөө менен 195,9 млрд. сом өлчөмүндө түзүлдү.

ИДПнын өсүү темпинин төмөндөшү, негизинен, курулуш тармактары жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнө байланыштуу болду. Муну менен бирге, товар өндүрүү тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу  төмөндөөсү 98,7 пайызды (2019-жылдын январь-июнунда - 113,2 пайыз), ал эми кызмат көрсөтүү тармактары - 91,8 пайызды (2019-жылдын январь-июнунда – 101,5 пайыз) түздү. 

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш кызмат көрсөтүү тармактарына (47,8 пайызы) туура келди, ал өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,8 пайызга төмөндөдү, товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 5,1 пайыздык пунктка көбөйдү жана 41,1 пайызды түздү. Өнөр жай тармагынын үлүшү 25,3 пайызды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,7 пайыздык пунктка жогору. Айыл чарба тармагынын үлүшү 9,4 пайызды түзүү менен 0,8 пайыздык пунктка өстү, ушул эле учурда, курулуштун үлүшү 0,4 пайыздык пунктка азайуу менен 6,4 пайызды түздү.

2020-жылдын январь-июнунда экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери

Жыйынтыкка карата пайыз менен

2019

2020

ИДП

228 300,7

94,7

100,0

100,0

Товар өндүрүү тармактары

93 628,4

98,7

36,0

41,1

Айыл чарбасы, токой чарбасы жана

21 385,0

101,6

8,6

9,4

балык  уулоочулук

Өнөр жай

57 658,5

100,1

20,6

25,3

Пайдалуу кендерди казуу

2 530,2

109,8

0,9

1,1

Иштетүү өндүрүшү

       

 (Иштетүү өнөр жайы)

47 602,3

99,9

16,4

20,9

Электр энергия, газ, буу жана 

       

 кондицияланган аба менен камсыздоо 

 (жабдуу)

6 751,2

100,1

3,0

3,0

Суу менен жабдуу, тазалоо,

774,8

83,5

0,3

0,3

калдыктарды иштетүү жана кайра

пайдалануучу чийки затты алуу

Курулуш

14 584,9

90,9

6,8

6,4

Кызмат көрсөтүү тармактары

109 271,2

91,8

48,6

47,8

Дүң жана чекене соода; автоунааларды

32 339,1

85,0

15,4

14,2

жана мотоциклдерди оңдоо

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү

7 150,3

68,0

4,3

3,1

 сактоо

Мейманканалар менен ресторандардын 

2 062,1

60,5

1,4

0,9

ишмердиги

Маалымат жана байланыш

6 951,2

100,7

2,9

3,0

Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

60 768,5

100,8

24,6

26,6

Продуктуларга таза (субсидияларды

       

 эсептебегенде) салыктар

25 401,1

94,7

15,4

11,1

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы  e-mail: eisenkulova@stat.kg;

тел. + 996 (312) 324695; 325351

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Last updating: 13.07.2020, 15:34