Үстүбүздөгү жылдын 11 айында ички дүӊ продуктунун түзүмү. Кыскача талдоо

Publications: 11.12.2019


Ички дүң продукт (ИДП) 2019-жылдын январь - ноябрында алдын-ала баалоо боюнча өткөн жылдын январь - ноябрына салыштырмалуу 4,9 пайызга көбөйүү менен 513 млрд. сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү, өткөн жылдын январь-ноябрынын деңгээлинен 3,5 пайызга ашуу менен 459 млрд. сом өлчөмүндө түзүлдү.

ИДПнын өсүшү, негизинен, өнөр жай, курулуш тармактары, айыл чарба жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товар өндүрүү тармактарынын өткөн жылдын январь - ноябрына салыштырмалуу  өсүү темпи 107,4 пайызды (2018-жылдын январь-ноябрында – 104,6 пайыз), ал эми кызмат көрсөтүү тармактары – 102,8 пайызды (2018-жылдын январь - ноябрында – 101,7 пайыз) түздү. 

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш кызмат көрсөтүү тармактарына (44,5 процента) туура келди, ал өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,0 пайызга азайды, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 1,8 пайыздык пунктка көбөйдү жана 41,4 пайызды түздү. Өнөр жай тармагынын үлүшү 20,1 пайызга жакынды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,4 пайыздык пунктка жогору, курулуш – 8,6 пайызга жана 0,5 пайыздык пунктка жогору болду.   

2019-жылдын январь - ноябрында экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери

Жыйынтыкка карата пайыз менен

2018

2019

ИДП

513 405,1

104,9

100,0

100,0

Товар өндүрүү тармактары

213 129,8

107,4

39,6

41,4

Айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык  уулоочулук

65 359,3

101,9

12,8

12,7

Өнөр жай

103 415,3

110,0

18,7

20,1

Пайдалуу кендерди казуу

4 791,1

119,2

1,0

0,9

Иштетүү өндүрүшү

 

 

 

 

 (Иштетүү өнөр жайы)

87 324,6

111,6

15,3

17,0

      Электр энергия, газ, буу жана  кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) 

9 952,6

96,0

2,2

1,9

Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу

1 347,0

99,2

0,3

0,3

Курулуш

44 355,2

109,8

8,1

8,6

Кызмат көрсөтүү тармактары

227 989,3

102,8

45,5

44,5

Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо

87 291,1

104,4

17,0

17,0

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо

20 334,3

105,1

4,0

4,0

Мейманканалар менен ресторандардын  ишмердиги

8 536,4

107,0

1,6

1,7

Маалымат жана байланыш

15 613,7

102,6

3,1

3,0

Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

96 213,8

100,6

19,8

18,8

Продуктуларга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар

72 286,0

104,9

14,9

14,1

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы  e-mail: eisenkulova@stat.kg;

тел. + 996 (312) 324695; 325351

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Last updating: 13.12.2019, 14:56