А. Султанов БУУнун Статистикалык комиссиясынын 49 сессиясында чыгып сүйлөдү

Publications: 07.03.2018


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Төрагасы Акылбек Султанов, ушул күндөрү Америка Кошмо штаттарынын Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун Экономикалык жана Социалдык кеңешинин Статистика комиссиясынын 49 сессиясынын ишине катышууда.   

Статистика комиссиясынын сессиясында чыгып сүйлөө менен, А. Султанов, 2030-жылга чейинки мезгилге карата Туруктуу өнүгүү маселелерин аткарууга жетишүү тармагында жасалган иштер үчүн БУУнун комиссиясынын курамына ыраазычылык билдирди. Башка-катышуучу өлкөлөр сыяктуу эле, Кыргызстан да, ТӨМдүн глобалдуу көрсөткүчтөргө жетишүү системасын ишке киргизүүгө жана 2030-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүгүүгө багытталган максаттарга жетишүү көрсөткүчтөрү боюнча мекемелер аралык жана эксперттик топтордун арасында жүргүзүлө турган иштерди жактырууну сунуштады.   

Ошондой эле, ал жетектөөчү принциптерди иштеп чыгуу жана маалыматтардын агымдарына жана туруктуу өнүгүү тармагындагы максаттар боюнча глобалдуу деңгээлдеги маалыматтарды берүүгө жана маалыматтарга карата  дезагрегирлөө боюнча иштерге карата алдыңкы ыкмаларды тандоо боюнча Комиссиянын чечимин жактырды.

Ал өз сөзүндө, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети бүгүнкү күндө ТӨМдүн мониторинг системасын ишке киргизүүнүн үстүндө активдүү иштеп жаткандыгын жана отчеттуулуктун Улуттук платформасын куруунун баштапкы этабында тургандыгын да баса белгилеп айтып өттү.

Сөзүнүн аягында, А. Султанов ТӨМдүн мониторинги жана отчеттуулук көрсөткүчтөрү үчүн маалыматтарды өз убагында, толук, салыштырууга боло тургандай жана дезагрегирлөөнү өндүрүү боюнча статистикалык потенциалды жогорулатууга багытталган иш чараларга катышууга өзүнүн кызыкдар экендигин билдирди.   

 

 


Last updating: 07.03.2018, 15:44