А.Султанов БУУнун Статистика комиссиясынын 50-мааракелик сессиясында сөз сүйлөдү

Publications: 06.03.2019


Ушул күндөрү Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Статистика комиссиясынын 50-мааракелик сессиясы өтүп жатат.

Кыргызстанда 5-март – кыргыздардын улуттук баш кийими – “Ак калпак” күнүн майрамдоого байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов баштаган кыргыз делегациясы БУУнун Статкомиссиясынын мааракелик сессиясына улуттук баш кийим менен катышууда. 

Сессияга кыргыз делегациясынын курамында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Курманкул Зулушев да катышууда.

А. Султанов Статистика комиссиясынын сессиясында сүйлөп жатып, Кыргыз Республикасы маалыматтарды берүү жана жайылтуу үчүн улуттук платформаларга карата сунушталган принциптерди жана колдонмо көрсөтмөлөрдү колдоно тургандыгын белгилеп өттү.  

«Биз туруктуу өнүгүү жаатындагы жетишкендиктердин жүрүшү жөнүндө маалыматтарды сактоонун жана иштетүүнүн улуттук жана глобалдык борборлорунун бириккен системасына өтүү демилгесин колдойбуз.

Өзүмдүн атымдан БУУнун Статистика бөлүмүнө жана Улуу Британиянын Эл аралык кызматташтык департаментине “ТӨМ көрсөткүчтөрүнүн мониторинги” долбоорунун алкагында Туруктуу өнүгүү максаттарынын мониторинг жана отчеттуулук системасын түзүүдө пилоттук өлкө катары Кыргызстанга көрсөткөн көмөгү үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирип кетким келет.

Ушуга байланыштуу, Кыргызстан өзүнүн туруктуу өнүгүүсүнүн приоритеттүү улуттук багыттарын аныктады жана өзүнө глобалдык ТӨМгө жетүү боюнча милдеттерди алды, ТӨМ отчеттуулугунун платформаларын түзүүгө көмөктөшүү жана статистикалык потенциалды көтөрүү учурдун талабы болуп саналат”, - деди А. Султанов.

Ошондой эле ал БУУнун Балдар фондуна ТӨМдүн 37 көрсөткүчү эсептеле турган 2018-жылдагы Көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча кластердик изилдөөнүн (МИКС) кезектеги алтынчы раундун өткөрүүгө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Күндүн экинчи жарымында Акылбек Султанов расмий статистиканын негиз түзүүчү принциптери боюнча сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө негиз тузүүчү принциптерди сактоо максатында, 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан Дүйнөлүк банктын “Статистиканы өнүктүрүүнүн улуттук стратегияларын ишке ашыруу” долбоорунун алкагындагы моделдик мыйзамдын негизинде “Расмий статистика жөнүндө” жаңы Мыйзамдын иштелип чыккандыгын белгилеп өттү.

«БУУнун Статистика бөлүмү тарабынан өз убагында көрсөтүлгөн колдоонун натыйжасында азыркы убакта мыйзам долбоору Парламентте каралып, биринчи окууда кабыл алынды. 

Белгилей кетүү керек, “Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын жаңы Мыйзамын кабыл алуу Кыргызстан үчүн статистикалык маалыматтарды толугу менен Расмий статистиканын негиз түзүүчү принциптерине ылайык өндүрүүгө шарт түзөт” деп, А. Султанов өз сөзүн жыйынтыктады.

Ушул эле күнү А. Султанов Армениянын БУУга караштуу Туруктуу өкүлчүлүгү тарабынан өткөрүлгөн “Европа Экономикалык Бирлигинин санариптик күн тартиби: улуттук статистика кызматтарынын ролу” иш-чарасына да катышты жана санариптик трансформация жөнүндө сөз сүйлөдү.

«Кыргыз Республикасы мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун көтөрүү максатында, маалыматтык технологияларды ишке киргизүүгө жогору маани берет, Кыргызстанда 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы программасын толуктаган жана кеңейткен 2019-2023-жылдарга санариптик трансформация концепциясы жактырылган.

2019-жыл Кыргыз Республикасында “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” деп жарыяланган”, – деп белгиледи Акылбек Султанов. 

«Өлкөнү санариптик трансформациялоо жана глобалдуу милдеттерди аткаруу статкомитеттен сапаттуу, өз убагында берилүүчү жана ишенимдүү маалыматтардын туруктуу агымын камсыз кылууну талап кылат.

Өз кезегинде, бул улуттук статистика системасын кайра түзүүнү жана модернизациялоону талап кылат.

Ушул максатта Улутстатком тарабынан “Электрондук отчеттуулук” автоматташтырылган маалыматтык статистикалык системасын ишке киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул системанын негизги милдети маалыматтарды топтоонун жана иштетүүнүн учурдагы жол-жоболорун Веб-технологияларды колдонуу менен заманбап системага өткөрүү болуп саналат.

Ошондой эле улуттук статистика системасын өлкөнүн бирдиктүү маалыматтык мейкиндигине интеграциялоо максатында, Улутстатком тарабынан Дүйнөлүк банктын “Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин IT инфратүзүмүн жакшыртуу” жаңы долбоорун илгерилетүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө”, - деп, сөзүн жыйынтыктады А.Султанов.


Last updating: 07.03.2019, 09:37