Күрүч рыногунда баалардын учурдагы абалы. Республиканын 18 калк жашоочу пункттары боюнча кыскача обзор

Publications: 19.09.2019


Чекене баалардын күн сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде Республиканын 18 калк жашоочу пункттары боюнча орто дандуу күрүчтүн жана узун дандуу күрүчтүн орточо керектөө бааларынын талдоосу жүргүзүлдү.

Маалымат үчүн: Керектөөчү (чекене) баа - алар соода ишканаларында, рыноктордо же кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндө, ошондой эле көчүп жүрүүчү соода түйүндөрүндө (киоск, чатыр ж.б.) элге чекене сатылуучу товардын же кызмат көрсөтүүнүн иш жүзүндөгү баасы. Керектөөчү баа - керектөөнүн акыркы баасы болуп саналат жана ал өзүнө кошумча нарк салыгын (КНС), акцизди, сатуудан алынган сатыкты жана башка кыйыр салыктарды, ошондой эле товарларды өткөрүүчү тордун уюмдарынын чыгымдарын камтыйт.

Ошентип, орточо республикалык баалар 2019-жылдын августунда 2018-жылдын августуна салыштырмалуу орто дандуу күрүчтүн баасы 3,76 сомго, же 5,2 пайызга, ал эми ушул эле учурда узун дандуу күрүчтүн бир азга 1,42 тыйынга, же 1,7 пайызга жогорулады.

Ошентип, 2019-жылдын августунда орто дандуу күрүчкө карата максималдуу орточо керектөөчү баалары Кара-Суу шаарында (бир кг – 96,28 сом), Ош шаарында (бир кг – 94,38 сом) жана Кербен шаарында (бир кг -  92,25 сом ) катталды. Ушул эле учурда, минималдуу чекене баалар Покровка айылында (бир кг – 44,95 сом), Чаек айылында (бир кг – 59 сом) жана £згөн шаарында (бир кг – 60,51 сом) белгиленди.

Узун дандуу күрүчкө карата айтсак, максималдуу чекене баалары Нарын шаарында (бир кг – 123,68 сом), Кербен шаарында (бир кг - 122,60 сом) жана Тлас шаарында (бир кг – 99,42 сом) катталган. Муну менен катар, узун дандуу күрүчкө карата минималдуу баалар Покровка айылында (бир кг -  54,84 сом), Ноокат шаарында (бир кг – 70,00 сом литр) жана Кара-Балта шаарында (бир кг – 70,99 сом) белгиленди.

Таблица: Кыргыз Республикасынын айрым калк жашоочу пункттарда күрүчкө карата орточо керектөөчү баалар
(бир литри, сом)

 

Орто дандуу күрүч

Четтөө:
өсүүсү
(+), төмөндөөсү (-)

Узун дандуу күрүч

Четтөө:
өсүүсү
(+), төмөндөөсү (-)

2018 Август

2019 Август

2018
Август

2019 Август

Кыргыз Республикасы

71,75

75,51

3,76

83,01

84,43

1,42

 Каракол ш.

58,77

79,44

20,67

75,00

80,00

5,00

 Балыкчы ш.

66,19

68,04

1,85

85,56

84,31

-1,26

 Кербен ш.

75,13

92,25

17,12

85,43

122,60

37,17

 Токтогул ш.

83,63

90,37

6,74

80,00

75,00

-5,00

 Жалал-Абад ш.

73,13

83,16

10,03

74,18

71,91

-2,27

 Чаек а., Жумгал району

55,53

59,00

3,47

75,00

75,00

0,00

 Нарын ш.

66,03

72,41

6,38

93,22

123,68

30,47

  Исфана ш.

48,11

73,19

25,08

-

-

-

 Баткен ш.

75,61

81,33

5,72

-

-

-

  Кара-Суу ш.

97,05

96,28

-0,77

-

-

-

 Ноокат ш.

80,82

88,50

7,68

70,00

70,00

0,00

  Узген ш.

57,80

60,51

2,71

62,46

83,20

20,74

  Покровка а., Манас району

43,27

44,95

1,68

54,84

54,84

0,00

 Талас ш.

65,26

66,24

0,98

102,36

99,42

-2,94

  Кара-Балта

77,98

80,36

2,38

70,74

70,99

0,25

  Токмок ш.

60,10

65,91

5,81

94,35

91,48

-2,87

  Бишкек ш.

70,65

72,01

1,36

86,89

86,07

-0,83

  Ош ш.

89,89

94,38

4,49

73,83

76,89

3,06

 

18-сентябрга карата орто дандуу күрүчкө карата баалардын эң жогорку деңгээли Кара-Суу шаарында (бир кг – 97,10 сом), узун дандуу күрүчкө - Кербен шаарында - (бир кг – 126,34 сом) байкалганын белгилей кетүү керек. Муну менен бирге, орто дандуу күрүчкө (бир кг – 44,95 сом) жана узун дандуу күрүчкө (бир кг – 54,84 сом) карата баалардын минималдуу деңгээли Покровка айылында белгиленди.

График: 2018-2019-жылдардын 18-сентябрына карата абалы боюнча калк жашоочу пункттарында орто дандуу күрүчтүн жана узун дандуу күрүчтүн максималдуу жана минималдуу орточо баалары
(литр үчүн сом менен)

 

___________________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү                   |e-mail: ceny@stat.kg;           |тел. + 996 (312)  625825; 324705

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Last updating: 19.09.2019, 15:53