Көмүр рыногунда учурдагы баалардын абалы. 2020-жылдын 9-январына карата кыскача обзор

Publications: 10.01.2020


 

Чекене баалардын жума сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде КР Улутстатком тарабынан республиканын 18 калк жашоочу пункттарында көмүрдүн (импорттук жана жергиликтүү өндүрүштүн)  орточо керектөө бааларынын талдоосу жүргүзүлдү.

Маалымат үчүн: Керектөөчү (чекене) баа - алар соода ишканаларында, рыноктордо же кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндө, ошондой эле көчүп жүрүүчү соода түйүндөрүндө (киоск, чатыр ж.б.) элге чекене сатылуучу товардын же кызмат көрсөтүүнүн иш жүзүндөгү баасы. Керектөөчү баа - керектөөнүн акыркы баасы болуп саналат жана ал өзүнө кошумча нарк салыгын (КНС), акцизди, сатуудан алынган сатыкты жана башка кыйыр салыктарды, ошондой эле товарларды өткөрүүчү тордун уюмдарынын чыгымдарын камтыйт.

2020-жылдын 9-январына карата көмүрдүн орточо чекене баалары 2019-жылдын декабрь айына  салыштырмалуу бир  тонна үчүн 25,14 сомго же 0,6 пайызга төмөндөдү.

Ошентип, 2020-жылдын 9-январына карата көмүрдүн максималдуу керектөөчү баалары    Ноокат  шаарында (бир тонна – 7 532,55 сом) жана Баткен шаарында (бир тонна - 7 318,61 сом) катталды. Ошону менен бирге айрым калктуу конуштарда көмурдүн баасы өзгөрүүсүз сакталып калды.

Ушул эле учурда, минималдуу чекене баалар өткөн мезгилдегидей эле, Балыкчы шаарында (бир тонна – 3 694,59 сом), Нарын шаарында  (бир тонна  – 3 500 сом)  жана Чаек айылында (бир тонна – 2 500 сом) байкалды. 

Муну менен бирге,  көмүрдүн чекене баасы эң көп өлчөмдө Өзгөндө – тоннасы  402,69 сомго, же 8,1 пайызга жана  Таласта – тоннасы 215,71 сомго, же 4,2 пайызга  жогорулады. Ушуну менен катар, Баткен шаарында бир тонна  – 489,31 сомго же 6,3 пайызга  жана  Токтогул шаарында – 187,51 сомго же 3,9 пайызга  төмөндөгөнү байкалды.       

Таблица: Кыргыз Республикасынын айрым калк жашоочу пункттарында көмүрдүн  орточо керектөөчү баалары
                  (бир тонна, сом)

 

2019-ж. декабрына

2020-ж. 9 - январына

Четтөө: өсүүсү (+),
төмөндөөсү (-)

Кыргыз Республикасы

4 544,94

4 519,80

-25,14

 Каракол ш.

5 556,98

5 594,55

37,57

 Балыкчы ш.

3 694,59

3 694,59

0,00

 Кербен ш.

4 647,58

4 647,58

0,00

 Токтогул ш.

4 750,00

4 562,49

-187,51

 Джалал- Абад ш.

5 306,91

5 306,91

0,00

 Чаек а., Жумгал району

2 500,00

2 500,00

0,00

 Нарын ш.

3 500,00

3 500,00

0,00

 Исфана ш.

6 387,49

6 245,00

-142,49

 Баткен ш.

7 807,93

7 318,61

-489,31

 Кара-Суу ш.

6 245,00

6 245,00

0,00

 Ноокат ш.

7 429,74

7 532,55

102,81

 Өзген ш.

4 983,28

5 385,97

402,69

 Покровка а., Манас району

4 500,00

4 500,00

0,00

 Талас ш.

5 084,29

5 300,00

215,71

 Кара-Балта ш.

3 900,00

3 900,00

0,00

 Токмок ш.

3 800,00

3 984,73

184,73

 Бишкек ш.

3 970,68

3 971,23

0,55

 Ош ш.

5 966,48

6 098,38

131,90

 

Баадагы факторлордон тышкары, товар-өкүлдөрдүн ассортиментинин өзгөрүүсү, ошондой эле соода    точкаларынын алмашуусу орточо баанын деңгээлине таасирин тийгизет. 


Кыска маалымат: Бааларды каттоонун эң негизги методологиялык принциптеринин бири-баалардын үзгүлтүксүз жана таза өзгөрүүлөрүн сактоо болуп саналат. Баалардын өзгөрүшүнө жүргүзүлгөн байкоо, чекене бааларды, товарды же  кызмат көрсөтүүлөрдү бирдей мезгилде бирдей сапатта каттоону, сатууну жана акы төлөөнү бирдей шарттарда ишке ашырууну, сандын бирдей бирдиктерин карайт. Байкоого мекенде өндүрүлгөн жана импорттук көмүр, басымдуу түрдө Казакстандан алынып келген көмүр алынат.Бааларды каттоо, соода ишканаларына жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнө каттоочулар жеке өздөрү ошол жерлерге барып, бааларды   каттоону смартфонду колдонуу менен жүргүзүшөт. Ошол эле учурда сатуу точкаларында товарлардын сунушталган баалары эмес, алардын иш жүзүндө сатылган баалары катталат. Ошондой эле рыноктор үчүн соода абдан кызуу жүрүп жаткан убакыттын ичинде бааларды каттоо маанилүү болуп саналат.

 

_____________________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү         |e-mail: ceny@stat.kg;           |тел. + 996 (312)  625825; 324705

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).

 


Last updating: 10.01.2020, 14:20